Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу  коронавирус илдетине кабылып калганын кабарлаган. Ага удаа аны менен жакынкы күндөрү байланышта болгон депутаттар да анализ тапшыраарын белгилеген.

Маалым болгондой, Нуракун уулу менен Каныбек Иманалиев жана Акылбек Жапаров байланышта болгон. Ошондуктан алар басма сөз кызматынын жана аппараттын кызматкерлерине кошулуп коронавируска анализ тапшырышты.

Айтылгандай Акүй карантинге жабылбайт. Эртең түштөн кийин имарат дезинфекцияланат.