Россиянын окумуштуулары кесиптеши Кубанычбек Жумалиевге Кыргызстанга куугунтук болуп жаткандай кабыл алышып, ага карата жасалган мамилеге нааразы болушууда. К. Валиев атындагы Физика-техникалык институттун директору В. Лукичев, П. Ширшов атындагы океанология Институтунун башкы директорунун орун басары П. Завьялов жана А. Ф. Иоффе атындагы Физика-техникалык институттун башкы илимий кызматкери Б. Гуревич коомчулукка кайрылуу жасашты. Анда Жумалиев бир гана кыргыстандык эмес дүйнөлүк илимге салым кошконун белгилешкен.
Алар белгилегендей, Кубанычбек Жумалиевдин табылгалары Россиянын космикалык тармагында активдүү колдонулат. 1978-жылы ал СССРдеги эң бир мыкты окуу жайларынын бири Рязан радиотехникалык институтун кызыл диплом менен бүтүргөнүн, 1986-жылы Белорусия илимдер Академиясынын электроника Институтунда кандидаттык диссертациясын жактаганын, 1991-жылы Нобель сыйлыгынын ээси Жорес Алферовдун жетекчилигинин алдында доктордук эмгегин да ийгиликтүү багынтканын да кошумчалашкан.
“Коммерциялык жааттагы ийгиликтери Жумалиевди 2005-2015-жылдары илимий-билим берүү институттарын өнүктүрүүнү колдоого алуу максатында зарыл материалдык базис түптөөгө мүмкүнчүлүк берген. Анын жетекчилиги алдында Кыргызстанда жети окуу жайы түзүлгөн. КР Илимдер Академиясынын курамына беш институт кирген түштүк бөлүмү ачылган. Академик Кубанычбек Жумалиевди билген көптөгөн адамдар соцтармакта пайда болгон кампанияга нааразы болушту. Тилекке каршы Кыргызстандын заманбап жаштары анын өмүр баянындагы көп урунттуу учурларды билишпейт, эмгегин, ийгиликтеринен кабарлары жок. А биз, окумуштуулар, Жумалиев менен Кыргызстан сыймыктанса болот деп ишенимдүү айта алабыз!” – дешкен орус окумуштуулары.