Сузак районундагы Бек-Абад айылында күйөөсү сабап, моюнуна дөңгөлөк илип, үстүнө суу чачкан аялдын баласы атасынын таламын талашкан. Бул туурлуу “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев билдирди.

“Аял туугандары тарабынан кандайдыр бир басым болбогонун айтты. Үй-бүлөнүн эрезеге жетип калган уулу бар экен, ал учурда Ош шаарында котормочу болуп иштеп жатыптыр. Уулу атасын жактап жатат. Бирок ага карабай биз ишти сотко өткөрөбүз”, - деди орун басар.

Эске салсак аялын кордогон күйөөнүн кылыгы чагылдырылган видео интернетке тараган. Коомчулуктагы нааразычылыктан кийин аял күйөөсүнүн үстүнөн арыз жазып, бирок кийинчерээк кайтарып алган. Учурда күйөө соттун чечими менен он беш суткага камакка алынган.