Жогорку Кеңештин депутаты Самат  Ибраев жана башка  депутаттар быйылкы жазда “Манас жана “Манас” эпосу жөнүндө” мыйзам долбоорун даярдашып, коомчулуктун талкуусуна чыгарышкан. “Манас” жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясынын илимий кеңеши 14-майда талкуулап, жаңы мыйзам долбоору жараксыз,   2011-жылдын 28-июнунда кабыл алынган “Манас” эпосу  жөнүндө” мыйзамга толуктоолорду киргизүү керек деген тыянакка келген.

Башка бир катар гуманитардык илимий жана билим берүүчү мекемелер да аталган мыйзам долбооруна каршы чыгышкандан кийин ал демилгечилер тарабынан чакыртылып алынып, коомдук талкуу  токтотулгандыгы маалым болду. 

Ал мыйзам долбоорунун мурдагы  мыйзамдан айрымасы эмнеде эле? Академиянын илимий кеңеши эмне үчүн ал долбоорго каршы чыгышты? Аны менен демилгечилер кандай максатты көздөшкөн? 2011-жылы кабыл алынган  мыйзамга кандай өзгөртүүлөрдү киргизүү керек? “Манас” жана Чыңгыз Айтматов Улуттук Академиясынын президенти Топчубек Тургуналиев мына ушул маселелердин тегерегинде ой бөлүшмөкчү.

- Топчуке, “Манас” эпопеясы жөнүндөгү мыйзамдын тегерегиндеги тирешүүлөр, талаштар боюнча көз карашыңыз кандай? 

- Айрымдар айтып жатышпайбы, 2011-жылы 28-июнда кабыл алынган “Манас” эпосу жөнүндө” мыйзам иштебеди деп. Ал туура эмес, мыйзам иштеди, бирок толук иштеген жок. Иштегендигинин бир далили: коомчулук ойгонду, “Манасты” бурмалоолордон сактап, коргоонун зарылдыгын түшүндү. Мындан төрт жыл мурда укук коргоо органдары эпопеяны жайсаңчылар деп аталган  бурмалоочулардын тобунан коргоо максатында иш козгошуп, ал боюнча 2017-жылы Жумгал райондук соту жайсаңчыларды шыктандырган Бүбү Мариямдын “Айкөл манасын” экстремисттик чыгарма катары баалап, ага тыюу салуу жөнүндө чечим чыгарса, аны Нарын облустук соту, Жогорку Сот колдогон. Бирок, жайсаңчылар, аларды колдогондор жана тымызындан жан тарткандар аны менен  тынчып калышпастан, башка жолдор, башка формалар аркылуу өз максаттарына жетүүгө аракеттенип жатышат. “Манас” эпосу жөнүндөгү  мыйзамды жокко чыгарып, жаңы мыйзам кабыл алууну сунушташкандардын иштери анын бир көрүнүшү  болуп саналат.

Иштеп жаткан  мыйзамды жокко чыгарып, анын ордуна жаңы  мыйзам кабыл алуу үчүн төмөндөгүдөй жагдайлар талап кылынат: Биринчи, эски мыйзам таптакыр жараксыз болсо, экинчи, анын беренелеринин 50 пайызы жараксыз болуп, учурдун талаптарына жооп бербей калса. Башка убактарда мыйзамга өзгөртүүлөр гана киргизилет. Ал эми 2011-жылы 28- июнда кабыл алынган мыйзамды таптакыр иштебей калды же жарым беренелери  жараксыз дегенге эч кандай негиз жок.

- Аракеттеги мыйзам менен жаңы мыйзам долбоорунун ортосундагы принципиалдуу айырмачылыктар эмнеде эле?

- Эгерде “Манас” эпопеясы жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алуу зарылдыгы жаралса, алгач анын укуктук, илимий негиздемелери даярдалып, алар адистер арасында талкууланып, такталып, андан кийин гана укукчулар, адабиятчы окумуштуулар, жазуучулар жана маданият ишмерлери кирген топ тарабынан мыйзам долбоору иштелип чыгуусу керек эле. Жаңы мыйзам долбоору даярдалып жатканын биз билген деле эмеспиз. Биз аны социалдык тармактардагы талаштардан гана билдик. Долбоор мазмуну жагынан бир топтун жекече кызыкчылыктарынан улам даярдалгандай; мыйзамдык стилде эмес, так нормалар жок. Манас баатыр эпостон өзүнчө бөлүнүп, ал кадимки адамдардын бириндей каралат. Илимий мамиле чектелип, бурмалоолорго, мистикалык нерселерге артыкчылык берилип кеткен. Алсак, 2011-жылкы мыйзамдын 4-беренесинин 2-пунктунун 4-пунктчасында: “Манас” эпосунун үчилтигинин тексттерин жана анын ар түрдүү калган бардык бөлүктөрүн жок кылуудан, бурмалоодон, өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн, тарыхый контексттен алып салуудан коргоону камсыз кылуу...” деп көрсөтүлсө, жаңы мыйзамдын долбоорунда эң негизги бул пунктту алып салышып, анын ордуна маанилик  жактан күмөн, ар кандай бурмалоолорго жол ачкан: “Манас” эпосунун жана анын бардык бөлүктөрүнүн негизги булактары катары мурда белгилүү болбогон тексттерди, кол жазмаларды, “Манас” эпосуна жана анын бардык бөлүктөрүнө байланышкан археологиялык табылгаларды жана тарыхый күбөлүк материалдарды камтыган  жаңы документтерди айкындоо жана эсепке алуу” дегенди сунушташкан (Долбоор, 4-берене, 1-пункт, 8-пунктча). Мунун өзү “мурда белгилүү болбогон текст”, “мурда белгилүү болбогон кол жазма” деген шылтоо менен “Манастын” классикалык варианттарын каалагандай кылып бурмалоого, улуу мурасыбызды жараксыз китептин деңгээлине түшүрүүгө жол ачуу болуп саналат. 

- Демек, жаңы мыйзам кабыл алуунун зарылдыгы жок экен да? 

- Ооба, жок. Ошондуктан биз ал долбоорду колдободук. Андан көрө мурдагы мыйзамга айрым алымчаларды, кошумчаларды киргизип, кабыл алган туура деп эсептейбиз. 

  -2011-жылдагы мыйзамдын кандай  беренелери аткарылбай жатат?

- Мыйзамдын  аксашына мамлекет өзү күнөөлүү. Анткени, мыйзамды ишке ашыруу үчүн “Манастын” классикалык варианттары жүз миңдеген нускаларда чыгарылып, балдар бакчаларына, мектептерге, окуу жайларына акысыз таркатылуу керек эле. Ал варианттар дүйнөнүн негизги тилдерине котортулуп, басмалардан чыгартууга да жетиштүү каражаттар бөлүнүш керек болчу.Алар аткарылган жок. Кыргыз драма театрында “Манастын уулу Семетей” спектакли коюлду. УТРКдан жана башка электрондук ЖМКлар, мезгилдик басылмалар аркылуу эпопеяны пропагандалоо болуп жатты. Бирок, алардын баары “Манастын”  эң бийик деңгээлине жетпеди. Кыргыз мамлекетине салыштырганда Кытайда “Манасты” барктап, даңазалоо жакшы жүрүп жатат. Алар Жүсүп Мамайдын 18 китептен турган вариантын ханзу тилине которуп, чыгарышты. Кытайлык кыргыздарда Жүсүп Мамайдан сырткары Апай, Саяк деген улуу манасчылар болгон. Изилдөөчүлөргө, кийинки муундардагы ”Манас” айтуучуларга, иши кылып  “Манасты” пропагандалап, жайылтууга тиешелери бар 200гө жакын адамга Кытай Өкмөтү ушул күнгө чейин жөлөк пул төлөп келе жатат. Учүнчүсү, эпопеянын философиясынын уюткусунун негизинде “Манас” операсын  жазып, даярдап, Кытайдагы негизги үч чоң шаардын , андан кийин Кыргызстанга алып келип, эки күн Бишкектин көрүүчүлөрүнө тартуулашты. Мен эки күн катары менен бардым. Либреттосун окуп алып аябай сүйүндүм. Анда жөн эле окуялар тизмектелген эмес, өзүнчө философия. “Манастагы” философияны бизге караганда кытайлык окумуштуулар, чыгармачылдар, биринчи кезекте профессор Адыл Жуматурдунун терең түшүнүп, ачып бергендигине кубандым.

“Манасты” ЮНЕСКОнун материалдык эмес баалуулуктарынын тизмесине биринчи болуп Кытай өкмөтү киргизди. Ошондо эсибизге келип, намыстанып, анан биз киргиздик. Бул жагынан дайыма артта келатабыз.

- Биздеги айрым изилдөөчүлөр Жүсүп Мамай жана анын варианты боюнча тескери ойлорду айтып жүрүшпөйбү. Андай көрүнүштөр эмнеден келип чыгууда? Бул маселе боюнча көз карашыңыз кандай?

-  Жылдыз Орозобекова деген неме “Жүсүп Мамайдын эстелигин барскан менен талкалайм”0 деп албууттанган. Антүүсүнө Жүсүп Мамайдын вариантында кыргыздардын түпкү атасы Мамай, “кан Ногой калмак Жакыпты”  деген саптар себеп болуптур. Поэзияда сөздөрдун орду кара сөз менен жазгандай эмес, алмаша берет. Ал жерде Жакып эмес, хан Ногой калмак делинип жатат. Кыргыздын түпкү атасы ким болгонун так билген эч ким жок, ар кимдер ар кандай версияларды айта, жаза беришет. Ал жөнүндө Жүсүп Мамайдын өз версиясын айтканга укугу бар. Экинчиден, эпопеяны айткандар көп болгон, негизги варианттары эле 15ке жакын. Алардын ар кимиси ар кандай сөздөрдү кошо беришкен. Айрымдар “Таластын эли эл эмес” дегенди да кошуп жиберишкен. Биз  мында “Манастын” негизги окуялары, сюжети канондоштурулушу керек, бирок андай принцип  варианттардагы саптарга таркатылбашы керек деген ойду айткыбыз келет. Чындыгында эле ондогон, жүздөгөн манасчылардын ооздорунан чыккандардын бардыгын акыркы чындык катары эсептегенге болбойт. Дандарынын арасында топондору да бар.

Буга кошумча Талантбек Бакчиев “Жүсүп Мамай башка өлкөнүн адамы,демек ал бизге таандык  эмес”  деген мааниде  телеберүүлөрдүн биринде айтты. Мен бул экөөсүн кыргыздын биримдигин, ынтымагын бузуп, кыянаттык кылгандар катары эсептеймин. Кыргыз, кыргыз манасчы  башка өлкөдө жашаса эле кыргыз болбой калабы? Чындыгында Кытайлык кыргыздар эпопеяны таркатуу, даңазалоо жагынан бизден жакшы иш кылып жатышат. 

Жылдыз Орозобекова социалдык тармактарда  мени да шыбап жүрөт. Докторлук диссертациясын 14 жылдан бери жактай албай жүргөн жеринен Манастаануу институтуна өзүмө кафедра башчылыкка алып, диссертациясын  жактаганга жол ачканбыз. Көрсө, анын мурдатан эле бирөөлөрдү ушактап, кагыштырмайынча жүрө албаган, анын айынан ар жерлерден айдалып турмай  адаты бар экен.  Институтта да чакан жамаатты бөлүп-жарып, чатакташтыра бергендигинен улам  кызматынан  куулган. Ал убагында Раиса Кыдырбаева менен  Абдылдажан Акматалиевди да кагыштырып, Улуттук Академияда ызы-чуу болгонун мага Раиса эже өзү айткан. Мага асылса асыла берсин, андайлардын көбүн көргөм, бирок  улуу манасчынын, анын үстүнө Кыргыз Республикасынын баатырынын  эстелигин талкалайм дегени жайсаңчылардын иштеринен ашып түшкөн экстремисттик көрүнүш. Ага тийиштүү органдар реакция жасоолору  зарыл.

- Орозобекова баштагандар Жүсүп Мамай “Манас” айткан эмес, жазма манасчы, ошондуктан аны улуу манасчылардын катарына кошконго болбойт деп жүрүшпөйбү.

- Жүсүп Мамай жаш кезинде чыгаан манасчы болгондугун ырастаган фактылар жетишерлик. Бирок, ал башка манасчылардан өзгөчөлөнүп айткандарын дайыма кагазга да түшүрүп жүргөн. Анын биринчи кол жазмасын коммунисттер бийликке келгендин алгачкы жылдары Бээжинге алып кетишип, ошондон ары жоголуп кетиптир. Кытайдагы “маданий төңкөрүш” убагында  камакка алынганда экинчи жолу жазган кол жазмасын хунвейбиндер өзүнө өрттөткөн. Кийин Кытай өкмөтүнүн макулдугу менен  эпопеяны үчүнчү жолу кагазга түшүртүшкөн. Биз анын “Манастын” 8 муунуна чейин жазып калтырып кеткендиги үчүн түбөлүккө карызбыз, чексиз ыраазылыгыбызды гана айтуубуз керек.

- Академиянын алдында кандай милдеттер турат? Кандай максаттар менен иштеп жатат?

- Кыргызстандын улуу  үч байлыгы бар: Биринчи, эң байыркы, далай азап-тозокторду жеңген,гений манасчыларды,гений төкмө акындарды, гений философ акындарды, улуу жазуучуларды, режиссерлорду, актерлорду жаратып, дүйнөгө тартуу кылган кыргыз элибиз. Экинчиси, дүйнөдөгү жүздөгөн эпостордун арасында “эпопея” аталган, көлөмү, ой максаттары боюнча теңдеши жок, ЮНЕСКО “кереметтердин керемети” деп баалаган “Манасыбыз”. Үчүнчүсү, бөлөк жактан келгендер өзгөчө суктанган, жер соорусу, жер үстүндөгү бейиши Ала-Тоо мекенибиз. 

Дүйнөдө эпостор көп, биз аларды сыйлайбыз, урматтайбыз, бирок ой-максаты, көлөмү жагынан “Манас” эпопеясына тең келери жок. Ал тууралуу убагында  Радлов, Жирмунский, Мелетинский сыяктуу чыгаандар айтышкан. 

Академиянын гана эмес, жалпы кыргыз коомчулугунун алдында төмөндөгүдөй үч милдет турат деп эсептеймин. Биринчи, эпопеяны бурмалоолорго биротоло тыюу салынуусу зарыл. Асмандагылар менен сүйлөшкөндөр ойлоруна келгендерди жаза беришсин, бирок “Манаска” тийишпесин.”Асмандан мага мындай “Манас” келди,эми аны эпостун жаңы варианты катары силер окугула, окуу  програмаларына киргизгиле”” дегендей көрүнүштөргө чек коюлуусу керек. Антпесе эпопея айныгандардын эрмектерине айланып кетет. Экинчи, “Манасты” кыргыз элинин дүйнөлүк брендине айландыруу керек. Бул максатта эпопеяны кеңири таркатуунун ар кандай формаларын, ыкмаларын колдонуу  зарыл. Биз анын жолдорун издеп жатабыз. Дүйнөлүк ысымдары бар режиссер, артисттердин катышуусунда ондогон бөлүктөрдөн турган кино тартылса  абдан туура болмок. Акыркысы, борбор калаабызга Манастын ысмын бергенге мезгил жетти. Аны өздөрүн чыныгы мекенчил кыргызмын деп эсептегендердин баары колдошооруна  ишенемин.

Булак: "Майдан.kg" газетасы