Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн маалымат жыйында билдирди.

Муну менен Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын  жалпы саны 2789 адамга жетти. Акыркы сутка ичинде 28 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылган.

Ошону менен өлкөдө коронавирустан айыккандардын саны 1961 адамды түздү.

Жаңы катталган учурлар:

- Бишкек шаарында 48 адам;

- Чүй облусунда 38 адам;

- Ош облусунда 12 адам;

- Ош шаарында 13 адам;

- Жалал-Абад облусунда 11 адам;

- Талас облусунда 4 адам;

- Нарын облусунда 6 адам.