Бирок, улгайганда ар кандай себептерден улам айнып, жадегенде оозуна, рефлекстерине, жапайы инстинкттерине ээ боло албай калуу жагынан Алмаз Атамбаев биз билгендердин бардыгын артта калтырды. Ал чоң мамлекеттик ишмер эмей эле алыскы айылдагы бир чаңдуу көчөнүн дүжүр кырчаңгы алкашынан да төмөнкү деңгээлге түшүп кетти. Аны жакында социалдык тармактарга чыккан аппак кулжалардын арасынан чыккан кара кулжа жөнүндөгү ыры ырастайт.
Биринчиден, “аппак кулжалар болот” дегенди ушул убакка чейин укпаган экенбиз. Мейли, ал анын галлюцинацияларынан жаралды дейли. Бирок, “кара кулжаны” “жүзү кара, ичи кара, кара жолтой” деп жалпылап атоо менен бир түптүү эл журтту мазактап, тилин тийгизгендиги өтө эле чектен чыккандык болуп саналат. АШАнын адабий чымыны бар, макоо өрдөктөр, желмогуздар жөнүндө жазып жүргөндүгүн билебиз. Мындан бир айдай мурда Р.Киплингди туурап ыр жазганда айрымдар дароо анын плагиаттыгын ашкерелеп салышкан. Ал жол менен кетсе, плагиаттык жагынан да шермендеси чыгарын билип, эми кемпиринен ажыраган абышканын арманындай элдир-селдиреген ак ырга өткөнү ал “чымынынын” да “ден соолугу” өтө эле начарлап бараткандыгын гана айгинелейт.
Адам бир жерге келсе, чоң кичине кызматпы, же майы-сүтү агылган башка жайбы, айтор, ал жерден бир күнү сөзсүз кетет. Ал атка мингендин түшмөгү, аш ичкендин чычмагы бар дегендей эле нерсе. Өз ыктыяры менен кетпесе, мурдагы эки президенттей кылып, шермендесин чыгарып, ээликтегендеринин көбүнөн ажыратып кууп жиберишет. Бирок, эң чоң кызматтары, байлыктары түгүл, мекенинен да ажыраган качкын президенттер АШАга салыштырганда адамдык абийирлерин сактап, ажаан аялдардай каргыштар, наалуулар менен социалдык тармактарды толтурушпастан, базардагы алып сатардан бетер өтө эле майдаланып кетишпестен, эмне деген менен өздөрүн татыктуу алып жүрүшкөндөрүн адилеттүүлүк үчүн белгилей кетүү зарыл. Адамдын ким экендиги башына кыйынчылык түшкөндө билинет. АША мыйзамдуулук менен тирешкенден тартып, өзүнүн Телибай тентектен айырмасы жоктугун көрсөтсө, кулжалар жөнүндөгү ыры менен биротоло жогоруда айтылгандай деңгээлдеги инсан экендигин далилдеди. “Мага менин каалоом, эрким, кыялым гана мыйзам, калган мыйзамдарыңарды уруп да койбойм”- деген таризде суракка келбей койсо, мажбурлап алып келүү үчүн баргандарды аткылап кирсе, жогорудагылардан башка эмнелерди айтууга болот? Нормалдуу адам да мамлекеттик органдардын легитимдүүлүгүн, ыйгарымдарын танчу беле.
Тилекке каршы, кудайдан жөө качкан “временшиктер” өздөрүнүн жекече каржылык, мансаптык кызыкчылыктарын сактоо үчүн Кыргызстандын мойнуна илип салган АША мурдатан эле аябагандай бок ооздугу, уятсыздыгы, наадандыгы, булар аздык кылгансып трайбалисттиги менен айырмаланып келген. Мамлекеттик эң чоң кызматта турганда Таластын элин эл эмес деп чыкса, Ысык-Көлдүн эркектерин бандиттерге, нарындыктыктарды таза сууну булгаган бокочолорго теңеген. Эми дайыма мекенчилдиктери, кашкөйлүктөрү менен айырмаланып келишкен кара-кулжалыктарды бардык жагы капкара кара жолтойлорго салыштырып отурат. Кара жолтой дегидей Кара-Кулжадан чыккан аракеттеги президент эмне кылды? Же коронавирусту дүйнөгө, анын ичинде Кыргызстанга ошол таратыптырбы? Ооба, ал коррупционерлерге, ичкич-жегичтерге, мыйзамды бузгандарга кара жолтой болууда. Бирок, ал үчүн АШАга жана анын айланасындагы Кыргызстанды тоногон криминалдык коррупциялык топтогуларга кара жолтой болсо, жөнөкөй адамдарга, жалпы Кыргызстандыктарга тазалыкка, калыстыкка, чындыкка, өнүгүүгө жол ачкан ак жолтой болуп жаткандыгы чындык.
АШАнын адабий “чымыны” менен кошо гитара чертип, примитивдүү кайрыктарды чыгарган “барддык” өнөрү да бар. Ал мамлекет башчысы болуп турган убагында элүүдөн ашык обон чыгаргандыгы эле өзүнүн кызматтык функциясын аткарбастан “ачкылдан” жутуп алып, гитараны кучактоо менен убактысын өткөргөндүгүн ырастап турат. Эми ал элдир-селдир чүргөмө ырларына муңдуу обондорду чыгарып, аларды гитаранын коштоосунда социалдык тармактарда жайнатып, элди жадатпаса экен. АШАдан андай “чыгармачылыкты” да күтүүгө болот.
Булак: «Майдан.kg» газетасы