- Мухамедкалый Абылгазиевдин премьер-министрлик кызматтан кетишине радио жыштыкты сатуудагы чыр, темир жолдогу коррупция себеп болдубу же мамлекеттин жүгүн тарта албаганы үчүн кызматтан кетүү чечимин кабыл алдыбы?
- Так айтуу кыйын. Бирок, ал убактылуу өргүү алганынын себеби, ошол радио жыштык боюнча кылмыш иши ачылгандыгына байланыштуу, бул иштин так иликтенишине кызыкдар киши катары кеткендиги маалымдалган. Бирок, анын өлкө кыйын абалга туушукканда белгисиз мөөнөткө өргүүгө кетип калышын коомчулук туура кабыл алган жок. Акыркы мезгилде чек ара, бажы өтмөктөрүндөгү маселелер күчөп кетти. Буга кошумча, өкмөттүн токтомуна байланыштуу Нарында Жумгал жана Кочкор районунун элдери жайлоо талашып, абал курчуп жатат. Бирок, премьер өргүүдө жатып алды. Ал эми жыштык боюнча тергөө жакында бүтчүдөй эмес. Ошон үчүн ал арыз жазып, кетүүгө аргасыз болду окшойт. Кыязы, жыштык чыры башталганда эле дароо арыз жазып кетип калганда, балким, туура кабылданса керек деп ойлойм.
- Кызматка киришчү премьер-министрди талаптарга жооп бергенин издешеби же бу сапар да каяша кайрыбаган, амбициясы жокторго токтолушабы?
- Жаңы премьердин аты белгилүү болуп калды. Көпчүлүк коалиция Кубатбек Бороновду колдогону айтылууда. Өзгөчө кырдаалдар министри болуп турганда эң мыкты министрлердин катарында аты аталган. Кубатбек Боронов көп жылдардан бери министр, вице-премьер болуп иштеп келди. Таажы тумоосу маалында республикалык штабды жетектеди. Бүгүн Кыргызстанда дүйнөнү кыжаалат кылган таажы тумоосуна туруштук бере ала турган премьер керек экендиги айдан ачык. Эгер көпчүлүк коалиция ушул факторду эске албаса, анда туура эмес болуп калмак. Ошон үчүн көпчүлүк коалиция Бороновго токтолду деп ойлойм. К.Боронов өзүн көрсөтүп иштей турган премьер болушу керек. Себеби, ага парламенттик шайлоолорго чейинки эле убакыт бөлүнүп берилет. Мына ушул маалда, ал мыкты иш көрсөтүп, ордунда сакталып калууга аракет кылышы керек. Меничме, буга анын тажрыйбасы, энергиясы, мүмкнчүлүгү жетет.
- Эмне үчүн коронавируска келген ири суммадагы каражаттар кайда, эмнеге жумшалганын отчёт бере электе эле Мухамедкалый Абылгазиевди кызматтан кетиришти? Президенттин аны колдой турган лимити түгөндүбү?
- Президент Сооронбай Жээнбеков экс-премьер министр Абылгазиевди өтө катуу колдоп келди. Саясатчылар, коомчулук сынга алып, кетсин деп жатканда да, ага мүмкүнчүлүк берип келди. Ошон үчүн аны “президенттин эрке премьери “деп да аташты. Премьер жыштык боюнча кылмыш иши ачылганда эле кетип калса болмок экенин мезгил көрсөттү. Себеби, ал иш узакка созулаары белгилүү болчу. Премьер өлкөнү, экономиканы турукташтыруу иштерине мурдагыдай катыша албаары анык болуп калды. Ошого байланыштуу арызын жазды.
- Кызматтан кеткен премьер-министр кандай иштеди? Мактоого татыган аракеттери болдубу?
- Премьер Абылгазиев экономиканы биротоло кулап, өкмөттүн иши жүрбөй калган абалга жеткирбей кармап турду. Бирок, ал деңгээлден жогору көтөрө алган жок. Ошого аягында коомчулук өкмөттү кескин сындап, анын кызматтан кетишин талап кылгандардын саны көбөйдү. Абылгазиевде өтө көп конституциялык мүмкүнчүлүк болду. Бирок, ал аны да, өзүнүн жеке мүмкүнчүлүгүн, энергиясын, дараметин да пайдалана алган жок. Абылгазиевдин өзүндө да, өкмөттө да демилге жок болду. Эгерде Абылгазиев мыкты иштегенде, премьер алмашпай, кийинки президенттикке талапкерлигин койсо да, эл колдоп бермек.
- Айтканыңызга ынаналы, бирок, Абылгазиевдин арызды “кимдир бирөөнүн басымынын алдында жазды. Ошон үчүн садага чабылды”- деп жатышат го?
- Абылгазиев өлкөдө түзүлгөн абалга жараша арызын жазды. Жогоруда айткандай ал мөөнөтсүз өргүүдө олтура албайт эле да. Өлкөдөгү абалды контролдоп, экономиканы жөндөп туруу үчүн чечимдер кабыл алынышы керек. Ошон үчүн ал өкмөттүн ишин кармабай, ага тоскоолдук кылбай, кетүүнү чечти. Жогоруда айтканымдай, көпчүлүк коалиция бул жолу туура чечим кабыл алды. Кеткен премьердин ордуна таажы тумоосу боюнча республикалык штабды жетектеген Кубатбек Бороновду көрсөттү. Бул туура чечим. Азыр таажы тумоосу күздө кайтып келет деп жатышат. Ошого жараша, ал илдет менен күрөшүүдө тажрыйбасы бар мамлекеттик чиновник премьер болуп келатат.
Булак: «Майдан.kg» газетасы