Анда жыйынга катышып жаткан 106 депутаттын ичинен 104ү ага “макул” десе төртөө каршы добуш берген. 

Баарынан кызыгы бул мыйзам долбооруна каршы пикирин билдирип келген айрым депутаттар да макул деп добуш беришкен.

Ошондой эле мурда журналист болуп иштеген бир нече депутаттар Аида Касымалиева, Рыскелди Момбеков жана Жанар Акаевге “журналистикага чыккынчылык кылды” деген сыпатта түрдүү сындар айтыла баштады.

Бул сындардын бирине депутат Жанар Акаев жооп узатып, башка депутат анын компьютеринен “макул” деп добуш берип койгонун жазган. 

“Мен добуш берүүгө жетишпей калдым, коллегам «за» деп басып коюптур. Экинчи окууда каршы добуш берем албетте”, – деп жазган эл өкүлү

Булак: Репортер