- Алмазбек Акматалиевич, Мухамедкалый Абылгазиевдин премьер-министрлик кызматтан кеткенин ар ким ар кандай болжоп жатат. Бул боюнча кандай пикирдесиз?

- Абылгазиев  мамлекетти тунгуюкка кептеди деп айтыш туура эмес болот. 2019-жылкы Өкмөттүн отчетун Жогорку Кеңеш аябай талкуулап, басымдуу көпчүлүк менен канаатандыраарлык деп баалаганын эстен чыгарбайлы. Андан ары болсо пандемия болуп кетти, ага да Өкмөттү жана Премьерди күнөөлөш кыйын. Менимче, коронавирус боюнча өкмөт бардык чечимдерди туура жана убагында кабыл алганын кийинки жагдайлар тастыктады деп ойлойм. Негизги себеп коомдук пикир. Жыштык маселеси акыркы тамчы болду көрүнөт. Кыргызстанда премьердин тагдыры ар дайым ошондой болуп келген. Премьер көп деле нерсе чечпейт, өз командасы жок, жоопкерчилик чоң, “шефтери” көп, колу буту байланган...

- Бул жолку премьердин негизги милдети эмне болушу керек?

- Бул жолку премьер 5 ай иштейт. Ошон үчүн анын эң негизги максаты ахвалды начарлатып ийбей, шайлоону чыр чатагы жок өткөзүп, кышка даярдыкты жакшы көрүү негизги милдети болушу керек.

- Акылбек Жапаров өз талапкерлигин көрсөтүп, “6 айда ишимден жыйынтык берем” дечү...

- Акылбек Жапаровдун тажрыйбасы мол жана өзүнүн так программасы бар. Бирок, андай адам 5 айда эмнени жасоого үлгүрөт. Жапаровду тандашса чоң активлүүлүк болуп, бир топ нерсе алдыга жылып кетет эле. Көрөлү...
Жаңы жүздөр күздө келет. Азыр жаңылар эмес, ишти бузуп жибербеген кишилер келет го... Себеби, шайлоонун алдында ыкчам кадамдарга адатта эч ким барбайт. Убактылуу деген убактылуу нерсе да.

- Буга чейин премьерди кандай жагдай жаралса да президент колдоочу. Бу сапар неге арызын кабыл алууга аргасыз болду?

- Президент менен премьер 2 жылдан ашык эриш-аркак иштешти. Мындай колдоо чанда болот. Президент өзү бир убакта Премьер болгон, ошон үчүн премьердин түйшүгүн, укугун, жоопкерчилигин, мүмкүнчүлүгүн жакшы билет да... Премьер да качан кетишти сезген тажрыйбалуу, бир көз караштан түшүнгөн адам да.. Анын үстүнө Жогорку Кеңештин  позициясы да козголо баштады.., жыштык боюнча коомдук пикир жакшы эмес. Анан, биз билбеген да жагдайлар брлуш керек сөзсүз... Бирок, Премьер колунан келгенин жасады. Ар бир нерсенин аягы болот да. Көнүп деле калдык да... Башкаруу формасы өзгөрмөйүнчө премьердин тагдыры ушундай эле боло берет, тилекке каршы..

Булак: «Майдан.kg» газетасы