- Абдырахман мырза, Мухамедкалый Абылгазиев премьер-министрлик кызматтан мамлекетти туңгуюкка кептеп койгону үчүн  кетүүгө аргасыз болдубу? 

- Радиожыштык шылтоо эле болду окшойт. Өкмөт башына башынан ээрге кыйшык отурган, ошондуктан бекитилген күндөн тартып эле сындан башы көтөрүлгөн жок. Кайсыл тармакты албайлы иш илгерилеген жок. Тагыраагы, экономика, жол-транспорт, айыл чарба, чек ара, коопсуздук, социалдык секторлордун  баарында алдыга жылуу жокко эсе болду. Тескерисинче оркойгон кемчиликтер көбөйдү. Кадр тандоодо болуп көрбөгөндөй башаламандык орун алды. Ал эми санариптештирүү жана аймактарды өнүктүрүүдөгү жылыштар өлкөнүн президентинин жеке демилгеси жана көзөмөлү аркылуу ишке ашууда. 

- Эми кызматка кришчү премьер-министр кайсыл критерийлер менен тандалса иш алдыга жылат деп ойлойсуз?

- Биринчиден, иш илгерилеш үчүн премьер-министрликке кызматка келчү  адамдын кесипкөйлүгүн карашыбыз керек. Экинчиден, тажырыйбасынын молдугу эске алынышы шарт. Үчүнчүдөн репутациясы таза болушу зарыл. Төртүнчүдөн мамлекетчилдик, билимдүүлүк, эрктүүлүк, жигердүүлүк сапаттарга да ээ болушу керек. Бешинчиден,  уюштуруучулук жөндөмүн да эске алышыбыз зарыл.

- Көптөр Мухамедкалый Абылгазиев эмне үчүн коронавируска келген каражаттарга отчёт бербей эле кызматтан кетип калды деп айтышууда. Алардын койгон дооматы туурабы?

- Ал каражаттар кандай сарпталганы жөнүндө сөзсүз ачык-айкын маалымат берилиши зарыл. Эгер Абылгазиев премьер-министрлик кызматта иштеп турган мезгилинде  кандайдыр бир мыйзам бузууларга жол берген болсо, кийин деле жоопкерчилигин караса болот.

- Кыргызда “ашуудан ат алмаштырбайт” деп айтылат. Эмне үчүн саясий да, экономикалык да кризиске кептелип турган маалда Абылгазиев кызматтан кетүүгө аргасыз болду?

- Анын себебин өзү, укук коргоо органдары, анан башка чакан топ гана билет го. 

-Буга чейин катачылык кетирсе да президенттин колдоосу менен кызматтан кетчү эмес. Президент неге бу сапар колдобой койду?

- Кыргызстандын тарыхында бир дагы премьер-министрди мынчалык деңгээлде президент колдогон эмес. Келген күндөн баштап эле президенттин колтугунда жүрдү. Өкмөттүн эки жолку отчётунун алдында президент Жогорку Кеңешке келип, сүйлөп, колдоп берди. Күнүмдүк ишмердигинде демилгени колго алып, Өкмөттүн жумушун кошо тартып келе жатат. Шайлоого үч жарым ай калганда мындай чечим кабыл алганына  караганда кандайдыр бир олуттуу себептер бар окшойт. 

- “6 айда ишимден жыйынтык берем, 56-жылдан бери премьер-министрлик кызматка даярданып келатам” деген Акылбек Жапаровдун сунушун бу сапар  эске алсак болот беле?
- Биринчиден, эч ким 6 айда жыйынтык бере албайт, бул курулай эле сөз. Экинчиден, Өкмөт башчынын кызматы башкача чечилет.

- Мурунку премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиевге кылмыш иши козголот. Анын аты эки коррупциялык схемада айтылып жатат дегендер да бар... 

 - Мүмкүн. Бул кишинин өзүнүн жана ал алып келген көп жетекчилердин дарегине ар түрдүү сын-пикирлер байма-бай айтылып жүрөт...

- Эмне үчүн премьер-министрди талапка жооп бергенин  сырттан издебей эле Кубатбек Бороновго токтолуп жатышат?

- Бул Өкмөт үч жарым ай гана иштейт. Октябрь айында жаңы аарламент жаңы өкмөттү бекитет. Кубатбек Боронов буга чейин деле премьер-министрдин  милдетин аткарып келе жатпады беле. Анын үстүнө, Кубатбек Боронов бул составдагы эң тажрыйбалуу, өкмөттүн ишмердигинде туруктуулукту камсыз кылып кете ала турган адам. Ошол жагын эске алышкандыр. Эки жарым жылдын ичинде Өкмөттүн негизги составы эки жолу алмашты, мындан башка өкмөттө  тажрыйбалуу эч ким деле жок. Ошон үчүн сырттан башка бирөөлөрдү карабай эле Кубатбек Бороновго токтолушкан окшойт. Калганын шайлоодон кийин көрөбүз да...

Булак: «Майдан.kg» газетасы