Психолог Ильдар Акбутин кыз баланын тагдырына атасынан толук кандуу көз карандуу болоорун жазып чыкты. Психологдун айтканына таянсак кыз менен атанын мамилеси кыздын келечектеги аял катары тагдырына, эркектер менен мамиле түзүү деңгээлине, жар тандоосуна түздөн түз таасирин берет экен.
Атанын кызга болгон мамилеси
Ата – кыздын жашоосундагы эң маанилүү роль ойногон эркектин алгачкы образы. Бул жерде жоопкерчилик абдан маанилүү. Эгер бул жоопкерчиликти бардык аталар билгенде жашоодо ыйлаган айым болмок эмес. “Кыз-ата” мамилеси бала чакта кыздын келечектеги аял катары тагдырына программа катары орнотулат. Программа пайдалуу жана ишенимдүү болсо жакшы, а эгер андай болбой калсачы? Атанын көзү менен караганда – ханбийке, эң сулуу, эң сүйүктүү, эң, эң... кызы болуу келечекте кыздын өзүн ишенимдүү алып жүрүүсүнө жана жогору баалоосуна жеткирет.
Өзүн сүйүп, камкордук көргөн атанын жанында кыз бала эркектердин сүйүүсүнө татыктуу экенин билип чоңоет. Кыз үчүн ата – бүтүн дүйнө. Ал дүйнө аны ошол бойдон кабыл алып, сүйүп жана коргоого даяр экени – эч нерседен коркпоого үйрөтөт. Чоң турмушка коркунучсуз, баары жакшы болоорун аңдап билген сезимде, кандай кырдаал болбосун өзүн колдоп, коргой турганы бар экенине бекем ишеничте кирет. Балачакта орнотулган позитивдүү программа аялзатын өмүр бою коштойт. Мындай аялдар түгөйлүккө өзүн сүйүп, урматтаган, ар дайым камкордук көрүп, сатып кетпеген эркекти табат.
Атанын кыздын энесине болгон мамилеси
Кыз атасы апасын сүйөөрүн билиши кажет. Атасы менен апасынын ортосундагы жылуу мамилени байкаган кыз бала өзүн коопсуз, кубанычтуу, бактылуу жана тынчтыктык гармониясын сезет. Атасынын апасына болгон ар кандай корс, орой мамилеси кызга болуп көрбөгөндөй оору тартуулайт, ал жандүйнөсүндө чогула берсе, келечекте эркектерге ишенбей караган, же коркуп бүжүрөгөн, өз укугун коргой албаган аялзаты өсүп чыгат. Кичине кезинде аталык сүйүүдөн жана көңүл буруудан сырт калган кыз жашоодон, алдыдагы күндөн коркуп, өзүнө ишенимсиз абалда чоң турмушка бут коет. Эмне кылбасын, кандай максат койбосун баарына жетүү кыйынчылык аркылуу болот, анткени ал жардам сураганга көнгөн эмес, бир гана өзүнө ишенет. Жеке жашоосунда да көйгөйлөр жаралат.