Андагы маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери өзгөчө абал учурунда аларга төлөнөт деген компенсацияны азыркыга чейин ала электигин билдирип нааразы болушкан. 
Ал эми чогулгандарга Бишкек ШИИБдин башчысы Канат Жумагазиев келип, маселени чечип берүүнү убадалап, орой формада тезинен тарап кетүүнү талап кылгандыгы да айтылган. Бирок, Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирүү таратып ММКларга жарыяланган маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди.
Милициянын версиясы боюнча, Канат Жумагазиев милиция кызматкерлерин таркатуу үчүн эмес, коомдун коопсуздугун сактоо кызматтарынын бөлүктөрүнүн жеке курамына, өспүрүмдөр менен иштеген инспекциясынын кызматкерлерине инструктаж өтүү үчүн келген. Анын жүрүшүндө санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо, беткапты кийип жүрүү, жеке коргоочу каражаттарды колдонуу сыяктуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Ал ортодо Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы милиционерлерге кошумча каражат төлөп берүү үчүн бардык документ каржы министрлигине жиберилгенин билдирди. 
Бул маселени май айынын башында Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко тармактык комитеттин жыйынында өзгөчө абал учурунда иштеген милиция кызматкерлери компенсация ала электигин айтып, өкмөттү сынга алган болчу. Эл өкүлү өзгөчө абалда кызмат кылган укук коргоо органдарынын кызматкерлери катардагы күндөргө караганда үч эсе көп эмгек акы алышы керектигин билдирген.
Чындап эле бир айдан ашык карантин режиминде түнү-күнү үй бетин көрбөй коомдук тартипти камсыз кылган милиционерлердин мээнети талаада калбастыр.

Булак: «Майдан.kg» газетасы