Нарын облусундагы Нарын районунун Жерге-Тал айылынын 100дөн ашуун тургуну Кум-Бел жайлоосуна бара жаткан Кочкор районунун малчыларынын буюм-тайымдары жүктөлгөн “КамАЗдарын” тосуп, аларды бир аптадан бери жайлоого өткөрбөй турушат.
Мушташка чейин жеткен жайыт талашуу маселесин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жөнгө сала албай жатышканын билдирүүдө. Нарын райондук милициясы ал арада “Жолдорду мыйзамсыз тосуу” беренеси менен сотко чейинки териштирүүнү жүргүзүүдө.
Жерге-талдыктар өздөрүнүн малынын саны өсүп, жайлоо жана кыштоо жерлери тар болгондуктан Кум-Бел жайлоосу аларга гана пайдаланууга берилишин талап кылышууда. Кум-Бел жайлоосу негизинен Нарын районунун аймагына кирет. Ал жакка райондун малчыларынан тышкары Кочкор районунун Ак-Кыя айыл өкмөтүнөн дагы малчылар келип жайлашат.
Жерге-Тал айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Руслан Асаналиевдин айтымында, 1958-жылы СССР учурунда Кум-Бел жайлоосунан 6 миң гектардан ашуун жер Кочкор районунун малчыларына узак мөөнөткө пайдаланууга берилген. Анын мөөнөтү 2020-жылы аяктамак. Бирок өкмөт 2019-жылы 27-ноябрда жайыттар тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алып, жайыттарды узак мөөнөткө пайдалануу 2030-жылга чейин узартылган.
Асаналиевдин айтымында, Кочкордун малчылары 1990-жылдарга чейин жайлоону жайлап, андан кийин келбей калышкан. 2016-жылы Кум-Бел жайлоосуна Нарын жана Кочкордун акимдери, өкмөттүн ошол кездеги Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, Ак-Кыя айыл өкмөтүнөн өкүлдөр келип, “эки короо кой жайлоого чыгат” деп үч тараптуу келишим түзүлгөн.
Эмнеси болсо да бир аймактын эли жайыт маселесин тынч жол менен гана чечип алуудан башка жолу көрүнбөй турат.
Булак: «Майдан.kg» газетасы