Журналист Олжобай Шакир жалган маалыматтардын жайылышы илдеттин күчөп кетишине алып келди деп эсептейт. Ал "Ой Ордо" телекөрсөтүүсүндө жаман илдеттин тарап кетишинин себебин анализдеп жатып саясатчы Мадумаровдун короосуна таш ыргытты. 

"Маалымат согущунда такталбаган, жалган маалыматтар көп болот. Эл айрыкча таанымал адамдардын оозун карап, алар айткан маалыматка ишенет. Мадумаров эки жолу: "Оору жок, бул бийликтин саясаты", - деп жарыялады. Коомчулуктун илдетти кенебей, кенен жайылышына жол түзүлүп жатканынын себеби ушунда", - деген Олжобай Шакир ар бир адам эл коопсуздугуна коркунуч туудуручу билдирүүлөргө этият болуу керектигин белгиледи.