(Сүрөттө 1.  Франция өкмөтү; 2.  Кыргызстан; 3. Швейцария өкмөтү)

Кечээ Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт башчылык ишин Кубатбек Бороновго өткөрүп берди. Өкмөттүн аппараты аны абдан жылуу маанайда узатышты. Ушунчалык жылуу экенин мындан билиңиз - жалпы аппарат кызматкерлери жабыла коштошуп, чогуу сүрөткө түшүштү. Бул сүрөт интернетке тараганы Кыргызстан калкынын дээрлик жарымы өкмөт аппаратына топтолуп калганы билине түштү. 

Соцтармактарда сүрөт катуу талкууга түштү. Айрымдары аппарат кызматкерлеринин эч биринин бет кабы, кол кабы жоктугун, ал эми Абылгазиев менен кимиси болбосун кучакташып, аралыкты кармоо деген талапты аткарышпаганын айтышты. Кээ бирлер басымды эки жылдай өкмөт башчылык орунду ээлеп, бирок аткарган бир көрүнүктүү иши жок кетип жаткан мурдагы премьерди жан-жабыла узатууга эмне себеп болгонуна кызыгышты. Башкысы көпчүлүктүн оозу аппараттын жайнаган кызматкерлерине ачылды. Ушунча кызматкерди мамлекеттин казынасынан багып жаткан "бай" өлкөгө таң калышты. 

Новый состав правительства Швейцарии - SWI swissinfo.ch 

Депутат Исхак Пирматов Кыргызстан менен Швейцарияны салыштырды.  Ал белгилегендей, жашоо-шарты, экономикалык көрсөткүчү дүйнөнүн менмин деген өлкөлөрүнө удаалаш бараткан Швейцарияда министр кабинети- 8 адам, а аппаратындагыларды кошкондо 50дөн мамлекеттик кызматкер өкмөттү түзөт экен.