Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысына Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын жергиликтүү соттун судьясы Максат Орозбакованы кызмат ордунан убактылуу четтетүү жана жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү тууралуу сунуштамасы келип түшкөн.

Буга Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитовдун Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде опузалап пара алуу фактысы катталганы тууралуу көрсөтүлгөн сунуштамасы негиз болгон.

Эскерте кетсек, Максат Орозбакованы быйыл 12-мартта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) пара алууга шектүү катары кармаган. 

Финполдун маалыматына караганда, ал «2000 доллар пара алып жаткан жеринен» колго түшүрүлгөн. Натыйжада сотко чейинки өндүрүш башталган.

Булак: Элгезит