Парламент жаңы өкмөт башчысын дайындоо милдетин аткарды. Жалгыз талапкер Кубатбек Боронов көпчүлүк депутаттардын колдоосу менен министрлер кабинетинин расмий жетекчисине айланды. Буга чейин Кубатбек Боронов биринчи вице-премьер-министр болуп иштеп келген жана 16-июнда Абылгазиевдин отставкага кетүү арызынан кийин президенттин буйругу менен премьер-министрдин милдетин убактылуу аткаруучу болгон.
Жаңы өкмөт курамда өзгөрүү жок. Министрлер жана мекеме жетекчилери өз ордунда калды. Жаңы түзүмгө 98 депутат “макул”, эки депутат “жок” деп добуш беришти. Жалпысынан жыйынга 115 депутат катышты. Жаңы өкмөттүн программасын 101 депутат колдоп, үч депутат каршы чыкты. Жалпы добуш бергендер – 104. Ал эми өкмөттүк курамга 105 депутат макул болуп, Наталья Никитенко менен Жанар Акаев каршы экенин билдирди.
Спикер Дастан Жумабеков жаңы өкмөткө ишеним тагылганын белгилеп, аны актаарына үмүт артты. Боронов болсо ишеним арткандары үчүн министрлер кабинетинин бардык мүчөлөрүнүн атынан ыраазычылык билдирип, абийирдүүлүк менен иш алып барышаарын убадалады.