Депутат Мирлан Жээнчороев кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмү боюнча абалды иликтеген депутаттык комиссиянын курамынан чыкты. Бул тууралуу бүгүн парламент жыйынында билдирди.

Айтымында,  комиссиянын курамынан өз каалоосу менен чыккан. Ошондой эле ал депутаттык комиссия түзүлөөр алдында алдына койгон максаттарына жетпей калышы ыктымалдыгын да белгиледи.

Эске салсак, Айеркен Саймаити өткөн жылы ноябрь айында Стамбул шаарында киши колдуу болгон. Өлүмүнөн кийин аны менен бир катар депутаттардын жакын тааныштыгы бардыгы айтылып, фотосүрөт да жарыяланган. Мындан улам парламентте депутаттык комиссия түзүлүп, ишкердин өлүмүн иликтөөнү колуна алган.