
“Майдан.kg” гезитинин редактору Нургазы Анаркуловду туулган күнү менен куттуктайбыз!
Мен өзүм эки кылым жашаган адам катары айта кетсем :)) өткөн кылымдын соңунда, студенттик доорумда, тагыраагы 1998-1999-жылдары “Аалам” гезитинин редакторунун орун басары Нургазы Анаркулов менен таанышканда эле турпатынан барбаңдаган ак көңүл, достукка жана жигиттик сөзгө бекем экендигине баа бергем. Бул сапатын туугандары, калемдештери, жакын жүргөн санаалаш достору да жакшы билишет. Үй-бүлөгө карамдуу жана мээримдүү ата. Ата-энеге күйүмдүү уул, бир-тууганга тоодой тирөөч. Колдо барын аябаган жоомарттыгы - жакшы үй-бүлөдөн тарбиялангандыгын айтып турат.
Ал эми жалпы коом Нургазы Анаркуловдон мурда, анын резонанс жараткан “Майдан.kg” гезитин жакшы билишет. Анткени, журналисттерден: теледегилер өңү, гезитчилер калеми, радиодогулар үнү менен таанымал.
Жашоонун өзү ак-каранын күрөшү болсо, ошол күрөштү таасын чагылдырып турган ар бир доордун өзүнүн жарчысы болот. Алар маалымат айдыңынын алптары болгон журналисттер.
2010-2017-жж. аралыгында канча деген ЖМКлар кысымга алынып, иштери соттон-сотко өтүп, миллиондогон айыптарга жыгылып жабылууга дуушар болушту. Оппозициялык аралда жалгыз калган “Майдан.kg” гезитин, бийликтин элчилери чоң суммага сурашканда “кара чайыма кайылмын” деп сатпай койгон учурлары болгон. “Майдан.kg” гезити бийликчил басылмалардан айрымаланып коомдун көйгөйүн, саясий лидерлердин таамай соккон макалаларын байма-бай жарыялагандан тайманган жок.
Мезгилдин агымы – “Майдан.kg” гезитин бирде отко салып кызартып, бирде сууга салып муздатып жатып “болоттой курчутту”. Салбуурунга салсаң, илбээсин ала турган табына келтирди.
Эгемендүүлүктөн берки 29 жыл ичинде Баш мыйзамдар курстук иштей, Өкмөт мүчөлөрү кол каптай алмашса да, бул гезит - атын да, затын да алмаштырбай же сатылып кетпей, бир томогодо турат.
Нургазы Анаркуловдун көй-кашкалыгы жана уюштуруучулугунун артында “Майдан.kg” гезити – Кыргызстандагы эң узак жашаган жана үзгүлтүксүз чыгып жаткан жеке менчик гезиттердин сап башына чыкты.
Албетте, бул ийгилик - тоодой эмгек менен түйшүктүү чыгармачылыктын, менеджерлик менен дипломатиянын артынан келди. Мындай сапаттардын ээси болгон Нургазы Анаркуловго ден-соолук, аманчылык, үй-бүлөлүк бакыт жана бакубат жашоо каалайбыз!
Элдар Аттокуров, акын, журналист