Парламентте өкмөт башчылыкка Кубатбек Бороновдун талапкерлиги каралып жаткан маалда депутат Тынчтыкбек Конушбаев өлкөдө кайрадан карантин орун алышы мүмкүн деген имиш кептер боюнча суроо узатты.

Кубатбек Боронов экинчи жолку карантин айла кеткендин кадамы болоорун белгиледи.

Айтымында аймактарда илдет боюнча абал бир топ туруктуу. Бишкек, Ош жана Чүй облустарындагы акыбал гана тынчсыздандырат.

“Башында биз өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал жарыяладык. Ал туура болгон. Бирок экономика өнүгүшү керек, андыктан узакка элди үйгө камай албайбыз. Айла жоктон карантинди жойдук. Бирок эл гигиена талаптарын аткарыш керек. Азыр эшикте эмне болуп жатканын баарыбыз көрүп турабыз, элдин 70 пайызы беткапсыз жүрүшөт”, - деди Боронов.