Депутат Дастан Бекешев өкмөт башчылыкка талапкер Кубатбек Бороновдон пандемия маалында социалдык төлөмдөр кандай төлөнөөрүн сурады. Эске салсак, бүгүн парламент премьер-министрликке Кубатбек Бороновдун талапкерлигин кароодо.
Ошондой эле Бекешев Бороновго тойлорго барбоону сунуштады:
“Тойлорго баргандан көрө иштеңиз. Өкмөт башчысы жоопкерчиликти сезүүсү керек. Биз кийин премьер-министр тойлордо самсы жеп жүрөт деп угуп калбайлы. Өкмөт башчылык абдан олуттуу жоопкерчилик”, - деди Бекешев.