Депутат Рыскелди Момбеков парламенттештеринин жаагын жап кылды. Айрым депутаттардын Кубатбек Бороновду өкмөт башчылыгына келе элегинде эле мактап, далыга таптап жаткандары Момбековго жаккан жок. Ал эл өкүлдөрүн Абылгазиевди да мактап жүрүп кетиришкенин айтты. Ал мактоо кебин айткандардын бири Камчыбек Жолдошбаевге кайрылып:
"Кошоматтанбай отуруңуз. Абылгазиевди да мактап жүрүп кетирдиңер. Мактай эле бербей сындаганга да мүмкүнчүлүк бергиле", - деди Момбеков.