Депутат Дастан Бекешев парламент жыйынында Бажы кызматынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсановдун сабалышы боюнча ишти көзөмөлгө алууну өкмөт башчылыкка талапкерр Кубатбек Бороновдон суранды.
Белгилек кетсек, Жогорку Кеңеш учурда жаңы өкмөт башчысын дайындоо менен алектенүүдө.
“Интернетте Эмилбек Кимсановдун сабалып жатканын чагылдырган видео тарады. Бул үчүн кимдир бирөө жооп бериши керек. ЖАМКда дайыма ушундай көрүнүштөр болуп турат. Уюшкан кылмыштуу топтор мамлекеттик бийликти сыйлашы керек. Аларга карата кандайдыр бир мыйзам кабыл алууга убакыт келип жетти, ушундай окуялардын катышуучулары качандыр бир жоопкерчиликке тартылабы?” – деди Дастан Бекешев.
Кубатбек Боронов болчо бул окуя тууралуу маалыматы жоктугун айтты. Бирок тийиштүү кызматтар иликтээрин кошумчалады.
Эске салсак Эмилбек Кимсановдун адвокаты соцтармакка анын сабалып жатканын чагылдырган видео жүктөгөн. Бирок ЖАМК аны жалганга чыгарган.