Эмилбек Кимсанбаевдин сабалгандыгы боюнча видео анын адвокаты Назгүл Сүйүнбаева тарабынан соцтармактарга жүктөлгөн эле. Аны бүгүн Жазаларды аткаруу Мамлекеттик кызматы жалганга чыгарды.

“Тасманы жайлатып көргөндө СИЗО-1де Кимсанов сабалып жатат деген жай ал отурган камерага окшобойт. Чатактын катышуучуларынын жүздөрү көрүнгөн эмес”, - деди ЖАМК.

Буга чейин ЖАМК кызматкерлери СИЗО-1ге барганда Эмилбек Кимсанов Назгүл Сүйүнбаева анын адвокаты эмес экенин айтканын жарыялаган. Андагы маалыматка таянсак, Кимсанов Сүйүнбаева менен эч убакта кездешкен эмес.

Назгүл Сүйүнбаева ЖАМКнын мындай маалыматына соцтармактагы баракчасы аркылуу жооп жазды:

“Эмилбек Кимсановго буга дейре токтотулган кылмыш иши жандангандан бери, февраль айынан баштап мен жактоочу болуп келатам. Бул тергөө амалдарына катышканым жана ордер-поручение аркылуу далилденет. Эгер мен адвокат болбосом кантип СИЗО-1ге май айынын аягында менин жактоомдогу айыпталуучуга жолугууга кирмек элем? Кыязы, ЖАМК эмне айтаарын билбей калды окшойт”.

 Ошол эле учурда ЖАМК Назгүл Сүйүнбаева күмөндүү тасма анын колуна кандайча тийип калганы тууралуу суроолорго жооп берүүдөн баш тартканын кошумчалаган. Белгиленгендей, ал квалификациялуу юрист жана адвокат катары мамлекеттик, көзөмөл жана башка органдарга кайрылуунун мыйзамдуу ыкмалары жана формалары бардыгын билдириш керек.

 Эске салсак, Бажы кызматынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсанов Молдомуса Конгантиевдин уулун сабоого шектелүүдө. Жабырлануучу арыз жазуудан баш тартканы менен иликтөө иштери токтогон эмес. Ушул жылдын баш чендеринде  Кимсанов Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен, кийинчерээк Россиянын Санкт-Петербург шаарынан кармалган.