Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү Республикалык штабынан билдиришти. 

Бүгүн каза болгон 36 жаштагы эркек бейтап Бишкек шаарынан Жалал-Абад облусунун Сузак районуна барып,  өлүктү көмүү зыйнатына катышкан.  Ага чейин бейтап борбордогу базарлардын биринде жашылча-жемиш сатып иштеген. Оорунун белгилери пайда болгон учурда медициналык мекемеге кайрылбастан,  өзүнө - өзү дарылоо жүргүзгөн.  Антибиотик дарыларды колдонгону белгилүү. 

Жалал-Абад облусуна келгенде абалы кескин түрдө начарлап кетип, ооруканага кайрылган. Кеч кайрылганына байланыштуу, эки тараптуу пневмония күчөп кетип, ИВЛ аппараты да жардам бере албай калган.