Депутат Руслан Казакбаев ушул убакка чейин өкмөттөгү оор иштердин баарын Кубатбек Боронов жасап, көп түйшүк тартканын белгиледи. Эске салсак, Жогорку Кеңеш учурда өкмөт башчылыкка Кубатбек Бороновдун талапкерлигин карап жатат.

“Кыргызстанда 20-30 адам ооруп баштаганда баарын үйүнө отургузуп, карантин киргизип, өзгөчө абал жарыяладык. Азыр жүздөгөн адам илдетке чалдыкты, а айыгып чыккандар аз болууда. Ошондуктан ооруканаларга көп көңүл буруп, оорулуулар үчүн орунду көбөйтүү керек. Анан да азык-түлүк коопсуздугун көзөмөлдөө зарыл”, - деди депутат.

Ошондой эле ал өкмөттөн антикризистик программасын коомдук талкууга алып чыгууну талап кылды.