Жогорку Кеңеш учурда премьер-министрликке  Кубатбек Бороновдун талапкерлигин талкуулап жатат. Анда болочок өкмөт башчы өкмөт күйүүчү майга акциздик марка киргизүүнү пландап жатканын билдирди.

Депутат Зарылбек Рысалиев көмүскө экономика, таштандыны кайра иштетүү жана контрабанда маселелерине токтолуп, жаңы куралчу өкмөттүн колунан ушул маселелерди чечүү келээр-келбесине кызыкты. Боронов өз кезегинде мунайзат продуктыларына акциздик марка киргизилерин кабарлады.

“Күйүүчү – майлоочу материалдар контрабандасынын негизги көлөмү күйүүчү майдын башка түрү сыяктантып өткөрүлүп келген. Ошондуктан биз май куюучу жайларга автоматташтырылган система орнотууну ойлонуп жатабыз. Анда май куюучу жайлардын кирешеси түз эле Салык кызматына көрүнүп турат. Ошондо кайсы жайда канча күйүүчү май сатылганы белгилүү болот”, - деди Кубатбек Боронов.

Ал эми таштандыны кайра иштетүү боюнча өкмөт башчылыкка талапкер Бишкек мэрия чечээрин айтты. Бул маселенин алкагында мэрия келишим түзгөнүн бирок пандемияга байланыштуу кийинкиге жылдырылганын да белгиледи.