Депутаттар Наталья Никитенко, Евгения Строкова, Гүлшат Асылбаева жана Альфия Самигуллина коомдун талкуусуна мыйзам долбоорун чыгарышты. Ал саламаттыкты сактоо жаатына багытталган.
Мыйзам долбоорунда мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүгө жоопкер коомдук саламаттыкты сактоо кызматын дайындоо сунушталган. Авторлор белгилегендей, бул мекеме санитардык-гигиеналык жана эпидемиологияга каршы иш чараларды жүргүзүүнү колго алып, жарандардын ден соолугун бекемдөөнү жана сак жашоо образына өтүүнү шарттайт.
Коомдук саламаттыкты сактоо кызматынын ишмердүүлүгүнө Кыргызстандын башкы санитардык дарыгери координатор болот.
“Бул мекеме санитардык эрежелердин нормасын сактоону гана ишке ашырбастан бардык профилактикалык иш чараларды жүргүзөт, окуударды өткөрөт, коомчулукка гигиеналык эрежелерди сактоонун зарылдыгын түшүндүрөт. Буга чейин координатор болбогондуктан кызмат эффективдүү иштей алган эмес”, - деп белгилешет авторлор.