Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн маалымат жыйында билдирди.
Ошону менен Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 2562 адамга жетти. Акыркы сутка ичинде 54 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылган.
Жалпысынан айтканда өлкөдө коронавирустан айыккандардын саны 1901 адамды түздү.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек шаарында 36 адам;
- Чүй облусунда 29 адам;
- Ош облусунда 6 адам;
- Ош шаарында 7 адам;
- Жалал-Абад облусунда 3 адам;
- Баткен облусунда 3 адам;
- Талас облусунда 6 адам.