Бүгүн, 16-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда «Мыйзамдагы ууру» аталган Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон кылмыш иштин соттук отурумунда жарыш сөз башталды. Айыпталуучулардын бири — мурунку президент Алмазбек Атамбаев.

Жактоочу Замир Жоошев билдиргендей, Атамбаев отурумга келген жок. «Ал ден соолугуна байланыштуу отурумга келүүдөн баш тартты», - деди жактоочу.

Бул иш боюнча 19 адам айыпталуучу деп табылган. Алардын арасында мурунку башкы прокурорлор Аида Салянова, Индира Жолдубаева жана башкалар бар.

Булак: Баракелде