Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин айтымында, ал 85 жаштагы аял киши Бишкектеги ооруканага пневмония менен оор абалда келип түшкөн.
Ал эми, лабораториялык изилдөөлөрдөн кийин андан коронавирус илдети аныкталган. Бейтапка керектүү жардамдар көрсөтүлгөнүнө карабай каза тапкан.
Муну менен Кыргызстанда коронавирус оорусу менен жалпы 28 адам көз жумду.