Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн маалымат жыйында билдирди.
Үсөнбаевдин айтымына караганда Кыргызстанда СOVID-19 оорусуна кабылгандардын жалпы саны 1472 адамга жетти. Акыркы сутка ичинде 34 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.
Муну менен коронавурис илдетинен айыккандардын саны 1847 адамды түздү.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек шаарында 57 адам;
- Чүй облусунда 11 адам;
- Ош облусунда 6 адам;
- Ысык-Көл облусунда 2 адам;
- Ош шаарында 11 адам;
- Жалал-Абад облусунда 1 адам;
- Нарын облусунда 9 адам;
- Талас облусунда 3 адам.