Улуу сүрөткер жана ойчул Чыңгыз Айтматовдун арабыздан кеткендигине туптуура 12 жыл толду. Биз мында белгилүү журналист, акын жана жазуучу Ильгиз Гилязетдиновдун улуу инсандын өз чыгармасына, эмгегине жасаган мамилесинин бир үзүмүн ачып көрсөткөн же анын “Манас атанын ак кар, көк музу” деген публицистикалык макаласын кантип өзү которуп чыгарткандыгы жана өз эмгегин кандай баалагандыгы жөнүндө эскерүүсүнө көңүлүңүздөрдү бурабыз.
Бул 1960-жылдардан кийинки автор өзү которгон жападан жалгыз чыгарма болуп саналат.
Мен ”Кыргызстан маданияты” жумалыгында жооптуу катчы кезимде адабияттын дөө-шааларынан баштап, бул майданга жаңыдан ат салган талапкерлердин далайы менен таанышып,чыгармачылык ымалада болдум. Алардын көбүнүн азыр көзү өтүп кетсе да көңүлдө жылуу таасирлер калып, элестери эмдигиче эскирбей жашап келүүдө. Аалы, Түгөлбай, Ясыр, Кубанычбек, Темиркул, Абдрасул, Жунай, Түмөнбай, Касым, Сагындык, Ысмайыл, Токтосун, Муса сыяктуу залкар таланттар менен болгон жолугушуулар, астейдил дилден сырдашуулар алиге ажайып бир көркөм тасмадай көз алдыга тартыла берет.
Алардын жаркын элестери, кылык-жоруктары, керемет сөздөрү кайтадан эске түшүп, анан дүйнөңдү жаркыткан маанай тартуулайт. Чыгармачылыктын орошон сүрөткерлери өздөрүндөгү кайталангыс касиеттери менен таң калтырып, таазим этүүгө аргасыз кылат. Алардын ар биринде туу тутуп туурагыдай асыл сапаттар бар эле. Бирок, мен заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз менен болгон бир окуяны дайыма эске түшүрүп, андан менде калган таасирди азырга чейин унута албай жүргөндүгүм жөнүндө айткым келет. Мында адабият талапкерлери үчүн чоң сабак болчу таалим- тарбиялык маани барлыгына терең ишенгендиктен ошол окуяны ортого салгым келди.
1975-жылдын апрелинде бир күнү жумуш аяктап калганда телефон шыңгырап калды.Адатта мындай учурда тигил же бул редакцияда, басмада иштеген достор шахмат ойнойбуз деп чалышчу. Ошолордун бири го дегендей бейкапар эле трубканы көтөрдүм. Андан угулган кыздын үнү ал оюмду жокко чыгарды. Ал:
- Ильгиз Талипович, Сиз менен Чыңгыз Төрөкулович сүйлөшмөкчү болуп жатат,- деди.
Ал кишинин мага кандай иши түшүп калды экен деген ойдо бир азга бушайман боло түштүм. Ырас, кээде материалдары жумалыкка жарыяланып калса, өзүнчө ведомость түзүп, калем акысын өндүрүп беришимди өтүнүп калчу. Аганын андай өтүнүчүн жан-дилим менен аткарууну сыймыктуу иш катары да саначумун. Бирок, бул сапар андай себеп жок эле. Анда кандай иш болуп кетти деп турам өзүмчө кабатырлана.
Бир аздан соң Чыңгыз аганын үнү угулду:
- Ильгиз иним. Саламатсыңбы? Мен сага мындай маселе менен кайрылып жатам: “Огонёк” журналы Жеңиш күнүнө карата бир материал жазып беришимди өтүнгөн эле.Бул публицистикабы, очеркпи, айтор, окугудай чыгарма болуп калды окшойт.Ошонун кыргызча вариантын силердин жумалыкка сунуш кылууну туура таптым.Көркөм туунду болгондуктан силерге ылайык келет. Андыктан басылмаңардын ушул санына жарыялап койгула,- деди.
Жумалык аптасына бир чыгып, анын материалдары кол менен териле тургандыктан, анан да график бузулду дегиче редакция жазага тартыларын эстегенде жүрөгүм дирилдей түштү. Анда биз ар бир сандын макетин алдын-ала түзүп, басмаканага тапшыра турганбыз. Эгерде өтө маанилүү расмий материалдар келип калып эле жогортодон көрсөтмө болбосо, макетти өзгөртүүгө жол берилчү эмес. Азыр да макет бекитилип, материалдар терилип жаткандыгын Чыкеме айтып, аяр бекен, биздин абалды түшүнөр бекен деген ниетте жүйөлөрдү бетке кармадым. Ал жайбаракат гана:
- Ильгиз иним, мен силерге үстөккө-босток материалын сунуш кылып жаткан авторлордон эмесмин.Анын үстүнө бул материал менен гезитиңердин баркы көтөрүлөрүн эсиңерге алгыла. Эгерде басмакананын жетекчилери тарабынан жолтоо кылына турган болсо, аны чечүү жагын мага койгула,-деп туюкка камагансып таштады.
Менин ар кыл шылтоолорду айтып тырыңдашым бейпайдалыгына көзүм жеткен соң акыры мындай дегенге аргасыз болдум:
- Мейли, Чыке, анда материалыңызды азыр берип жибериңиз, башкаларын алдырып таштап,тезинен терүүгө түшүрөйүн. Антпесек абалыбыз огобетер кыйын болот...
- Жок, азыр берип жибере албайм. Анткени, өзүм которуп жатам, акырына чыга элекмин. Эртең саат 12лерге даяр болот, ошондо берип жиберемин,- деди баарыбыз кадырлаган калемгер ага.
Мен бул сүйлөшүү жөнүндө дароо башкы редакторубуз И.Исаковго билдирдим. Дээринен ак көңүл, айкөл адам иштин өз ыргагынан жаза тургандыгына кейиген менен эч ылаажы жоктугуна кыжалаттана кол куушурууга аргасыз болду. Ошентип эртеси күнкү саат 12ни зарыга күтүп олтурдук. Бул жума күнү болгондуктан чый-пыйыбыз чыкканын айтыш кажетсиз. Биринчиден, жумуш күнү кыска, анан дем алыш күндөрү басмакана иштебейт. Ал эми олчойгон чоң очеркти орус линотиписткалар бир күндө терип бүтсө да каталарды оңдоого эле эң кеми жарым күн талап кылынат. Анан дагы ошол арип терүүчүлөр партиялык басылмалардан бошой калганда гана бизге берилчү. Мунун барын ойлоп, газетаны чыгаруу түйшүгү бүт мойнуна жүктөлгөн жооптуу катчы катары менин жүрөкзаада болгонумду айтып олтуруу кажетсиз.
Ошентип, убадалашкан саат 12де Чыкебизден кабар болбоду. Акыры айла кеткенден телефон чалууга аргасыз болдум. Катчы кызына эч кимди кошпогун деп катуу эскерткен окшойт:
- Ал киши зарыл жумуштары менен бир жакка кеткен эле,-деп биротоло шаабайымды сууткандай жооп берди. Мен да көшөрө өзүнүн убадасы боюнча чалып жатканымды айтканымда гана аргасыздан кошту. Чыкем дароо эле таанып:
-Ильгиз иним, котормомду бүткөрө албай аябай шайым ооп жатат. Эми саат 4кө чейин чыдай тургула. Сөзсүз жеткирип берем,- деди. Баягы “кайгы жокто...” дегендей, мындай кыйноону өзүбүз сурап алгансып, кайрадан анын айтканына көнүп олтуруп калдык.
Белглиленген саат төрттө деле Чыкебизден кабар келбеди.Кайра-кайра тынчын алганды эрөөн көрүп, күтө бердик. Албетте, башка автор болгондо күткөнгө убактыбыз жок деп, чорт эле айтып, кийинки санга калтырмакпыз. Бирок, ал дүйнөлүк атагы бар, бүткүл кыргыздын сыймыгына айланган Айтматовдун өзү болуп жатпайбы. Анын сөзүн Союзда эки кылар эрен табылбайт эле да. Кыскасы, ким деле болсо “куп” дегенден башканы айталмак эмес.
Сар-санаа, күтүү менен дагы эки саат убакыт өттү. Кызматкерлердин баары алда качан эле үйлөрүнө тарап кетишкен. Адабий гезит болгондуктан кызматкерлерибиздин келип-кеткени ансыз деле катуу көзөмөлдөнчү эмес. Ал эми гезит чыккандын эртеси баарыбыз бир жүктөн кутулгандай жеңил дем алып, өзүбүздү ээн-эркин сезип калар элек. Ал жума күнүнө туш келчү. Ошондон улам жумушта башкы редактор экөөбүз эле калганбыз.
Саат 6дан өткөндөн кийин телефон шыңгыраганда, ал Чыкеден экендигин түшүндүм.
- Ильгиз иним, иш өзүм болжогондой болбой жатат. Дагы эки-үч барактайы калды. Эми эртең менен бүткөрүүгө туура келет. Андыктан силер менен саат 11де редакцияңарда жолугушалы.Анан машинисткаларыңды да чакырып койсоң. Эки бөлүп бастырсак эртерээк бүтөт,-деди.
Мен материалды автор өзү таптаза кылдып бастырып келет деп ойлогом. Анткени, киноматографисттер союзунда машинисткалар жетишерлик эле. Эки күндөн бери абыгер тартканыбыз бир тең, эми машинисткаларды үйлөрүнөн чакыруу түйшүгү турду. Адатта дем алыш күндөрү жумушка тартылган кызматкерлерге кошумча акы төлөнчү. Аны ойлогондо заманам андан бетер куурулуп, машинисткаларды кандайча көндүрүүнү билбей бушайман болдум.
Айтор эртеси Чыкем 11де эмес, саат 12ден өткөндөн кийин редакцияга келди.Колунда барактардын бир таңгагы. Анын баарын басса, жумалыктын бүтүндөй бир санын ээлейт го деп жүрөгүм шуу дей түштү. Чыкем котормосун мурдагы чыгармаларынын машинкадан чыккан 3-4чү нускаларынын экинчи беттерине жазыптыр. Ал убакта биз өзүбүздүн арзыбаган бир нерселерибизди кагаздын эң мыктысына бастырганыбыз аз келгенсип, ашыкча нускаларын жөн эле тытып таштачубуз. Мына, сарамжалдуулук деген. Ал убактагы ит бекер макулатурага залкар адамдын жасаган мамилеси баарыбызды таң калтырды.
Чыкебиз кааласа кагаздын атласына гана жазып, аны алдына тоодой үйдүрүп алса деле болмок.Бирок, ал ошондой “битирлиги” менен ит арзан нерсени сарамжалдуу пайдалануу керектигин үйрөтүп жатпайбы. Биз андан залкардын бизге белгисиз дагы бир сапатын көрдүк.
Кызык алдыда экен, өзү айткандай, котормосун эки машинисткага кармата салып, тез баскыла деп шаштырып кирдик. Анткени, Чыкемдин колун окуганга көнбөгөн машинисткалар ар эки сөздүн биринде эле такалып, эмне сөз экендигин билишпей бизге жүгүрүп келишет. Анын үстүнө Чыке жазгандарын кайра-кайра оңдоп, чийгендеринин үстүнө кайра-кайра жаңыларын жаза берген экен, текст кроссворддун эле өзү болуп калыптыр. Кыйын болсоң андан акыркы варианты кайсыл экенин таап көр! Машинисткалардын улам жүгүрүп келип жатканынын бир себеби ушунда эле. Алар эмес Чыкемдин өзү да кээде кайсынысын жазуу керектигин билбей бушайман тартып туруп калгандыктан ичибизден аяп да жаттык. Бирок, ал дагы чыгарма менен кандай иштөө керек жөнүндөгү сабак эле.Толстойдун бир чыгармасын 90 жолу оңдогон дегенин ашкере акыштануу катары ойлоп жүргөн мен ушул сапар улуу устаттардын сөздү тандап урунууга канчалык маани беришерине чындап эле козүм жетти. Анан да айрым кесир ооздордун кыргыз тили сөз кору жагынан башкалардыкына салыштырмалуу жардылык кылат дегени караманча жалаа экендигине Чыкебиздин дал ошол дасмиясы күбө өтүп турду.
Бул окуядлан алар эки сабак тууралуу мен эмне үчүн айтып жатам.Азыр “өрдөк жокто чулдук бий” болуп даркандар даай албагандарга бейталант бетпактар (башкача атоого болбойт) кара таандай каптап кирди. Башта дарек-дайны билинбеген дайдилер жанрын да аныктоо колдон келбес олчойгон опустарды чыгарышууда.Ошол кесипкөй адабияттан ат чабым алыс алармандар кудуреттүү сөздү кынаптоо зергерлиги жөнүндө дегеле түшүнүгү жок туруп (ага умтулууга да дилгирленбей) чүргөмөлөрүн чыгарганга корстон. Азыр “пулуң болсо, кулуңмун” деген басмалар да козу карындай жайнап, ыйман-ыспат жалманган кез.
Советтик доордо Чыңгыз ага сыяктуу залкар калемгерлердин чыгармачылык өнөрканасынын сырларын ар тараптан изилдеген илимий эмгектер, рецензиялар, монографиялар биринен сала бири чыгып, окумуштуулук наамдар үчүн чети оюлбаган кенч эмес беле. Өзүн бүтүндөй адамзатка арнаган жана табийгый таланты барлар Чыңгыз ага сыяктуу эле дүйнөлүк классиктердин асыл мурастарын өздөштүрүүнү, алптардын чеберчилигин үйрөнүүнү эң башкы парызы катары санашчу.Ушундан улам башка ЖОЖдордо окуп жаткандар же аны аяктагандар баарынан кечип адабият институнда атайын билим алуу зарыл деп эсептеше турган.
Азыркы Жулкунбайларга андай даярдыктын кереги болбой калды. Анткени, көркөм сын-ченем менен алардын иштери жок. Рухий дүйнөнун аруулугун, табияттын тазалыгын аздектөө деген бир пул болуп калды.
Баса, ошол “Манас атынын ак кар, көк музу” аттуу баян басылып чыккандын эртеси жумалыктын бир дагы саны күркөлөрдө калбай, ал кабар кечирээк жеткен Ак үйдөгү үлкөн жетекчилерден баштап, министрлерге чейин биринен сала бири тынбай телефон чала баштады.Анда басмаканадан гезиттин 40-50 нускасы бизге бериле турган. Алар да бир-эки саатта таламайга түшүп, кечиккендерге “калган жок” деген гана жооп айтып калдык. “Гезитиңердин баркы көтөрүлө түшөт” деген Чыкемдин көсөмдүгүнө дагы бир ирет ынандым.
Бирок, ушуну менен бир милдеттен кутулдук деп көңүл жайлана түшкөндө Чыкем дагы телефон чалбадыбы.Мен анын дабышын укканымда ыраазычылыгын айтат экен дегем. Көрсө, азилкеч жолдошторунун бири баяндын башталышындагы: “Мен туулуп-өскөн айылым Шекерге барып турам” дегенден кыйкым таап, “Бу сен айылыңа бир жылда бир барасыңбы, же эки жылда бир барасыңбы, анысы белгисиз болуп калган турбайбы” деп тийишиптир. Анда чындык бар окшобойбу.Арийне, чыгармачылык, коомдук иштерден колу бошобогон залкар инсандын айылына ат тезегин кургатпай барып турганга дегеле чолосу тийбестиги белгилүу. Ушундан улам эки жылда бир каттабай калган учуру болгондугун жанагы тапан талылуу жери катары кармаган кыязы.
- Ильгиз иним, ошол сүйлөм “үзбөй барып турам” деп оңдолуп окулсун деп гезиттин кийинки санына түзөтүү берип койгулачы. Көрсө, ар кандай жоругандар бар турбайбы,- деди Чыңгыз ага.
Мен айттым:
- Ээ Чыке, бул сиздин депутаттык отчетуңуз эмес да. Көркөм чыгармадан андай тактыкты талап кылганга болобу. Тескерисинче, ошол түзөтүү менен окурмандын көңүлүн чалалыкка буруп, чылпагын эмес, көзүн оюп алгандай иш кылбайбызбы.
Менин бул жүйөмө Чыкем ынангансып калды да:
- Анда жөн эле коёлу,- деди.
Мында беймаза кылган эки жагдай бар эле. Эгерде түзөтүү бергенде ката кимдин күнөөсүнөн улам кеткендиги, ага кандай чара колдонулгандыгы көрсөтүлүшү керек. Анда жооптуу кызматкерибиз моралдык да, материалдык да жактан жабыр тартмак.Ал эми вёрстканы өзү окуп (машинисткаларды айтпай эле койойун), макулдугун бергенден кийин бардык жоопкерчилик автордун өзүнө өтөт да... Ошентип бул маселе ыкы-чыкысыз эле чечилди.
Арадан эки-үч күн өткөндөн кийин Чыкем дагы телефон чалып:
- Ильгиз иним, мага атайын ведомость түзүп, калем акымды төлөтүп берчи,- деди. Анда гезиттин ар бир санына калем акыга 1600 рубль бөлүнчү. Аны гезиттин ар бетине бөлгөндө 100 рублден туура келчү. Ал бир адистин бир айлыгына жакын сумма эле.
- Чыке, ар полосага 100 сомдон койсом, 200 жүз сом болот. Ошого ыраасызбы?- дегениме:
- Ильгиз иним, ошол санга жарыялангандардын баары меникине тең келеби? Силер эмне чыгарманы көлөмүнө карата гана баалап жүрөсүңөрбү?-деди.
Акырында ал 300 рублге макул болду. Акчаны ошол күнү бергин деди эле, кассада акча жок экен, басманын директору А.В.Перфильев дегенден суранып, араң таптырдым. Салыкка кармалгандан кийинкиси 275 сом 67 тыйын болду. Кассирибиз Нина деген кыздын майдасы жок экен, ал күйпөлөктөп бухгалтериядагы аялдарга барып майда тыйындарды чогултуп келгиче Чыкем күтүп турду.
Ошентип, ага Чыкебиздин өз чыгармасын элге убагында жеткирүүгө кандай маани бергендиги жана анын өз эмгегин кандай баалагандыгы эстен чыккыс сабак болуп калды.
Ильгиз Гилязетдинов, персоналдык пенсионер,
КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер
Булак: "Майдан.kg" газетасы