Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, “Сельский” суу кампасында жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу 16-июнда саат 09:00дөн 19:00гө чейин “Тунгуч” кичирайонунда, “Рухий Мурас” конушунда жана №73, №92 мектептеринде, №181 бала бакчада таза суу өчүрүлөт.

“Келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз жана шаар тургундарын, мекемелер жана уюмдардын ичүүчү сууну алдын ала камдап алуусун суранабыз”, – деп айтылат билдирүүдө.

Булак: govori.tv