Beeline соода маркасына ээлик кылган Sky Мobile компаниясынын директору Евгений Кражандан жана ишкананын бир нече кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу маалыматты «Азаттыкка» компаниянын PR-директору Марина Ким ырастады.

Ал вируска кабылган кызматкерлер өздөрүн жакшы сезип жатканын, ага карабай обсервацияга жаткырылганын билдирди. Ким ошондой эле канча кишиден вирус табылганын тактаган жок.

15-июнда Кыргызстандын аймагында 87 адамга коронавирус жукканы такталды. Ушуну менен СOVID-19га чалдыккандар өлкөдө 2372 адамга жетти.

Булак: Азаттык