Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти. Тиешелүү токтомго Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова кол койгон.
“Базардын аймагындагы (Курманжан Датка, Буденный, Муса Жалил жана Жибек Жолу проспектиси менен чектелген бөлүк) бардык соода түйүндөрү жана башка ишкерлик субъекттер убактылуу жабылды”, - деп билдиришти мэриядан.
Бишкек шаарынын мэрия жарандарды санитардык талаптарды аткарууга чакырат.
Булак: Кабар