
Гиена. Илимий аталышы – Hyaenidae(лат). Бул жаныбарга мүнөздүү сапаттардын негизгиси - бирөөнүн эмгегин же оокатын тартып алуу.
Болгондо да, өзү жалгыз эмес, топтошуп, уюмдашып алып, башка бир айбанат эмгектенип, күч коротуп кармаган энчисин, топ болгон гиеналар келип, көптүккө жана күчкө салып жатып тартып алышат. Албетте, жаныбарлар үчүн бул кадыресе көрүнүш, себеби алар жапайы жаратылыштын мыйзамдары менен жашашат жана ал гиеналарга эч ким таарынбайт. Бул – алардын табияты!

Бирок, айбанаттардан адамдарды эмне айырмалап турат? Так ошондой адилетсиз, жырткычтык сапаттар жок экендиги, анын ордуна адамгерчилик жана адилеттүүлүк, акыл-парасат(эч кур дегенде минималдуу түрдө). Аң-сезимдүү адамдар (хомо-сапиенс) жаралганына мына 40 миң жылдан ашуун болсо да, тилекке каршы, кээ бир адамдарда дагы деле адамга жат сапаттар сакталып келет. Анын үстүнө, төмөндө сөз боло турган адамдар – парламент депутаттары.
Анда сөз башынан болсун.
Алыскы 1995 – жылдары, “Гулистан” аттуу дыйкан чарба, Тоң районуна караштуу 300 гектар какыр жерди 49 жылга ижарага алып, ал жерге бак тигип, жашылдандыруу жана калыбына келтирүү иштери менен алектенип келет. Жер кыртышы дээрлик жок таштак жерге суу деле келбешендиктен, бак деле өсүп жарытпайт. Ошентсе да, айтылган жерге жыл сайын тийиштүү салыгын төлөп, жергиликтүү бийликке да айткан төлөмдөрүн кынтыксыз төлөп, чарба өз ишин улантып келет. Айтылган жердин ичинде эки чакан көл жайгашкан: Сасык - көл жана Кара-көл. Сасык-көлгө чарба тарабынан малек ташталып, балык (карп) өстүрүлүүдө. Ал эми Кара-көл болсо, балык өстүрүүгө жарабайт, себеби суунун курамында туздуулук өтө эле жогору. Мурдагы кездерде, ал көлгө жергиликтүү жашоочулар да жакындабай келишкен. 90-жылдары, чабандар ал көлгө койлорду киринтип, ар-түрдүү мителерден арылтууга аракетенишчү.
Анда, “Гулистан” дыйкан чарбасы, көптөгөн изилдөө иштерин жүргүзүп, керек болсо чет өлкөлүк лабораторияларды да ишке тартып жатып, акырындык менен, бул көлдү туристтик жайга айландырууга жетише алган. Азыр, Кара-көл бүт Кыргзстанга эле эмес, Орто-Азия жана КМШ өлкөлөрүнө белгилүү болгон “Туздуу көл” же Соленое Озеро аттуу брендге айланганы баарыбыз үчүн маалым. Көлгө келген туристтерге жаратылышка аяр мамиле кылуу талап кылынып, Ыссык-Көл экосистемасына зыян келтирбөө так ошол чарба тарабынан катуу көзөмөлдөнүп келет.
Дыйкан чарбанын эмгекчил жамааты, жок жерден бар кылган бул керемет жай, бүгүнкү күндо Ыссык-Көл дубанындагы маанилүү туристтик жайга айланып, Президенттин жана Өкмөттүн Кыргыз Республикасынын туристтик потенциалын жогорулатуу стратегиясынын талаптарын аткарып жатат. Жайкы сезондо, жүздөгөн жергиликтүү жарандарга иш орду жаралып, туристтик жайдын территориясында үлгүлүү тазалык сакталып келет. “Коомдук жайлардагы ажатканаларга Санитарды-эпидемиялык талаптарга” жана башка курулуш нормаларына ылайык, коомдук ажатканалар жана душ-кабиналар жайгаштырылган. Таштандылар күн сайын эки ирет жыйналып, сорттолуп, андан кийин кайра иштетилип жатат.
Ошентип, Кара-көл азын-оолак киреше алып келе баштады. Ал кирешеден, албетте, Мамлекеттик Салык Кызматы менен түзүлгөн келишимге жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптырна ылайык милдеттүү түрдө, өз убактында жана толук көлөмдө төлөнүп келүүдө. Ал эми кирешенин калган бөлүгү, кайра эле ошол жайдын тазалыгына, тартип сактоого жана коопсуздук маселелерине сарпталат. Андан сырткары, Тоң районунда өткөн туристтик фестивалдарга жана Ыссык-Көлгө арналган илимий изилдөөлөргө каржылык жардам көрсөтүп келет.
Мына ошентип, бир канча жылдык эмгектин жыйынтыгында, көзгө көрүнүктүү жайга айланып калган жерге көз арткандар пайда боло баштады. Кызыгы, көз арткандардын бүт баарысы мамлекеттик чиновниктер эле:

2004-2005 жылдары губернатор Токон Шайлиева жана Ташкул Керексизов бул жерди тартып алууга аракеттенинишкен. Сот аркылуу гана “Гулистан” чарбасы укугун коргоп калган.

2008-2010 жылдары болсо губернатор Исаев жана Максим Бакиев рейдерлик ыкма менен тартып алуу аракетин көрүшкөн. 2010-жылы гана облусттук жана Жогорку Сот аркылуу гана коргоп калышкан.
Бирок, 2018-жылдан баштап, “Гулистан” чарбасына караштуу жерге кайрадан көз артуу өнөкөтү башталды. Алгач, жергиликтүү бийлик тарабынан негизсиз айыптоолор орун алып, июнь айынан баштап жалпысынан 12 ирет текшерүү келген. КРнын мыйзамдарында көрсөтүлгөн мөөнөттөрдү жана эрежелерди одоно бузуп, экотехинспекция, санитардык, салык кызматтары жана прокуратура удаа-удаасы менен текшерип жатышкан. Милиция болсо, чарбанын кызматкерлерин ар-түрдүү себептер менен камакка алып турушкан. Провокациялык видео-тасмаларды социалдык тармактарга жүктөп, жаманатты көрсөтүү аракеттери күч алган. Мунун баары, чарбанын жерин рейдерлик ыкма менен тартып алууну көздөгөн кыймыл-аракет катары бааланат.
Акырында, баардык текшерүүлөр, “Гулистан” чарбасынын ишмердүүлүгүндө мыйзам бузуулар бар экенин аныктай албай, анча-мынча мүчүлүштүктөр боюнча берилген эскертүүлөр өз мөөнөтүндө жоюлган. Булар жөнүндө тастыктама документтер бар.
2018 жылдагы негизсиз текшерүүлөр эч жыйынтык бербегенден кийин, 2019-жылдын май айында, бул рейдерчи топ “оор артиллерияны” жардамга чакырышат. Алар кимдер? Албетте, айтылуу Жогорку Кеңештин айрым депутаттары жана Агрардык саясат, суу байлыктары, айлана-чөйрө жана аймактык өнүгүү парламенттик Комитетинин мүчөлөрү болуп чыкты. Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттары өзгөчө иштерман чыгышты жана көптөгөн каймана аттарга ээ болушту. Бирок, ал ыплас сөздөрдү кайталап айтпай эле коелу деп чечтик. Азбы-көппү, депутаттык корпуста дагы деле бир нече түзүк инсандар бар экени чындык. Эл аларды жакшы билет.

Териштирип келсек, чарбаны тартып алууга бул ирет Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысы Улан Турганбаев деген эргул кызыкдар болгон экен. Айыл өкмөт мырза менен депутат мырза А.Дюшалиев экөө биргеликте 2019-жылдын 23 –майында өткөн жыйынында “Күн-Чыгыш айыл аймагында жайгашкан «Туздуу көлдү» өнүктүрүү максатында курорт жана аэродром куруу” маселесин көтөрүшкөн. Адатта, мурундун учунан алыс көрбөгөн депутаттар бул маселени өздөрүнө мүнөздүү эмес космостук ылдамдыкта карап, ошол замат №347-VI номурлуу протоколдук тапшырма даярдалып, анын негизинде аталган профилдик комитетке ведомстволор аралык комиссия түзүү тапшырылган. Аталган тапшырмага башкалардан бир топ түзүк депутат Аида Касымалиева кол койгон. Аттиң, Аида айым бул рейдерлерге ишене бербей, алгач экинчи тараптын аргументтерин да угуп койсо болмок экен. Ошндо, кесиптештеринин бул авантюрасына жол бербесе керек деген ой да жаралат.
Ошентип, 2020-жылдын 11-февралында комиссия аталган аймакта көчмө жыйын өткөрүүгө жөнөйт. Болгондо да, комиссиянын курамы жөн эле жоону чапчудай болуп, өтө көп мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын өкүлдөрүнөн туруп, ал эми кошуундун башында төрт баатыр жан-жөкөрлөрү менен жоого аттанган – парламент депутаттары турган. Баатырларды албетте атап өтүш керек, себеби элибиз мындай баатырларды билип жүрбөсө болбойт да. Себеби, мына жарым жылдан кийин, кайра эле парламенттик шайлоо болот. Дал ушул табак беттер, кайра эле төшүн кагып, “кыргыз элим!”, “урматтуу шайлоочулар!”, “Кыргызстанды өнүктүрөбүз!”, “элим, жерим, касиеттүү Көлүм!” деген бийик жана ыйык сөздөрдү уялбай айтып, кайра эле так өздөрү 5 жыл талап-тоногон элдин астына келишет. Баткенде чек-арада чыр болуп, кыргыз аскери жана жарандар ок жеп жатканда же Унгар тоону кошуна алдуураак өлкө тартып алганда так ушул баатырлар “отпускада” болгонбу же окопто уктап калышкан беле? Же, Казакстан жолду бууп, дыйкандар жана ишкерлер кыйналганда ушулардын кимисин ошол жерден көрдүк эле? Деги эле, дайыма саясат менен алектенип жүргөнүмө карабай, мындай депутаттар бар экенин таптакыр билбейт да экемин.

Анда, комиссиянын Төрагасынан баштасак – Узакбаев Абылкайыр, “Өнүгүү” фракциясынан жана жогоруда аталган профилдик комитеттин мүчөсү. Өзу да көлдүн кулуну, а негизгиси өзүда буга чейин Тамга айыл өкмөтүн башкарган, кесиби да веттехник жана зоотехник, тийиштүү билими да бар. Адилеттүүлүк үчүн айтып койуу керек, бул депутат жөнүндө деги эле жаман пикир жок. Кесиптештери да, шайлоочулар да, а түгүл, ошол көчмө жыйында катышкандар да ушул депутат жөнүндө дурус пикирде болушууда. Өзү айтмакчы, өмүр бою айыл жергесинде жашап келгендиктен, айыл жергесине таза суу менен камсыздоо үчүн мыйзам да демилгелегени бизге маалым. Сарычат-Эрташ коругун коргоп, ал эми айыл-чарба министрин дайындоо анын калпын да чыгарган. Бирок, бир топ жумшак мүнөздөгү адам экен, кызыкдар болгон калган үч кесиптешинин басымында калгандай сезилди...

Экинчи баатыр - Дюшалиев Абдыбек Кашымбекович, "Республика - Ата Журт" парламенттик фракциясы, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети. Кесиби боюнча геолог-чалгындоочу жана инженер-куруучу. Кандай гана ардактуу кесип! Ошого ылайык, Абдыбек мырза өз эмгек жолун өтө туура баштаган – Кумтөр кенинде 3 разрядтагы Бургулоочу болуп “Кумтөр” чалгындоо отрядында баштаган. Керемет башталыш!
Бирок, жыл айланбай, геологдун сары күрмөсүн, МАИ кызматкеринин кочкул көк формасына алмаштырып жиберет. Жөнөкөй патрулдук кызматкер,1991-эфлдан баштап 10 жыл ичинде КРнын МАИ кызматынын ага тескөөчүсүнө чейин жеткен. 2006 жылдан баштап болсо МАИнин жалаң гана каттоочу бөлүмдөрүн (РеО) башкарган. Кызыгы, 2010 жылдан баштап, 2014-жылдын ноябрына чейин, айтылуу жана эң майлуу эсептелген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын(ГРС) алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо Департаментинин директору кызматын аркалаган. 2014-жылы, 1 – декабрда ошол кездеги премьер-министр Жоомарт Оторбаев күтүүсүздөн эле Дюшалиевди кызматынан бошоткон. Ошол замат кумаг сиңгендей жоголгон экс-директорду башкалар эмес, өзүнүн орун басары Кубанычбек Имамов да таппай калган. Анын пикиринде, бир нече күн мурда, ГРСте олуттуу мыйзам бузуу аныкталып, кылмыш иши ачылган эле. Ошого байланыштуу, акырын гана куйрукту түйгөн көрүнөт. Дагы бир нерсе, 2013-жылы, авто унааларды катто кызматын жетектеп турган Дюшалиев, уурдалган унааны каттоо үчүн пара алганы үчүн негедир кылмыш жазасына тартылбай калганын да териштирүү керек. Так ошол жылдардагы окуялар боюнча өзүнчө журналисттик иликтөө жүрүп жатат, жыйынтыктары кийинки макалаларда жарыяланат. Анан, кантип ушундай ыплас адамдар парламенттик шайлоого каттоодон өтүп кетишкен? Боршайком кайда карап турган? Себеби, каттодон сырткары, мандат берүүдөн мурда бир ирет текшерип койсо болбойт беле? Биздин жөнөкөй, жөө жүргөн журналисттер тапкан маалыматтарды олчойгон укуктарга ээ болгон БорШайком таппай калганбы? Же,ал жерде да коррупция орун алганбы? Бабанов сатып алганбы? Дагы бир кызыктуу жана коомчулукка белгисиз болгон бир жагдай бар. Катар мамлекетинде “Мусулмандар бир туугандыгы” атту фонд бар. Аталган фонд ачык эле террористтик уюмдарга колдоо көрсөтүп келгени эч кимге сыр деле эмес. Мына ошондуктан, бул Фонд көптөгөн өлкөлөрдө тыйуу салынган. Ушул саясаты үчүн Катар мамлекети Араб дүйнөсүндө өгөйлөнүп, саясий-экономикалык жана дипломатиялык мамилелерди толук үзүшкөн. Азырынча, Катар жалгыз Иран менен алака кылып калды. Ал фонддун Египеттеги филиалы менен Дюшалиевдин кандай мамилелери бар? Ал фонддон кандай максатта каржы алып турат? Баарын жакында ачыктайбыз.
Дюшалиев, президенттикке ат салышкан Бабанов Өмүрбекке карата кылмыш иши ачылып, жыйынтыгында мандатынан ажыратылгандан кийин мандатка ээ болгон. Ошондон бери, бир ирет гана статусу жок айылдар жөнүндө эки ооз сөз менен премьер министрге кайрылганы эле болбосо, негизинен эт менен челдин ортосунда гана жүргөн кадимки балык депутат. Баса, дагы бир ирет, шамалдан жабыр тарткандарга өкмөттөн 200(!) миң сом жардам бөлдүрүп бергенине таазим! 3 миң долларга жетпеген каражатты өзү деле берип койсо болмок деп, жергиликтүү жаш жигиттердин түкүрүнгөнүн айтпай эле коелу... Иши кылса, ошондой бийик трибунанын ээси, парламенттин депутатынын аткарган иши ушундай “опол тоодой” чоң экенин байкасаңыз керек. Кантип ушундай депутат “парламентаризмди өнүктүрүү жана мыйзамдарды жакшыртуу, активдүү коомдук-активдүү ишмердиги үчүн” Жогорку Кеңештин Ардак Грамотасы менен сыйланган?

Өмүр бою “системада” иштеп келген геолог-гаишник-депутат мырза, бир гана ирет, ушул чарба маселесин парламент трибунасынан айтып, Өкмөткө кайрылган. Бул маселе айыл өкмөтүнүн деңгээлиндеги эле маселе го. Кой-Таш окуялары боюнча Мамлекеттик комиссияга мүчө болуп алып, сөз кезеги келгенде – “материалдар менен тааныша элек элем...” деп элеңдеп, кетенчиктеген коркок депутат, депутаттык мөөнөтү аяктап баратканда, эч болбосо бир аз да болсо оокат деп, ушул чарбага көз артып тургандагы кербези. Себеби, кийинки шайлоодо мындай бейпайда депутаттарга орун тийээри шек жаратат. Дагы кантип ушундай депутат, кайсы бети менен - Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине мүчө болуп жүрөт? Так ушул депутат-подполковник ушул рейдерлик аракеттин артында турат деген маалыматтар келүүдө. Себеби, бул көмүскө кардинал өзү ошол Тоңдон болот жана ал жерге түздөн-түз көз арткан адам сыяктуу. Бирок, тоңдуктар анча деле сыйлай бербеген бул депутат (себеби, былтыркы Кызыл-Омполдогу уран чырында, ал жерге басып барбай койгон), көшөгөнүн артынан гана, этият аракет кылууда. Себеби, ал жыйында атайын торпедолор бар эле. Майдаларын айтпаганда деле, калган эки баатырды сөзсүз айтпасак болбойт. Себеби, негизинен ошол жыйында “топить” эткен депутаттар болгон.

Чынында, бизге жеткен тасмада көрүнгөндөй, бул эл өкүлдөрү үшуп калышканбы же өкүмдүү сүйлөгөнгө өбөлгө болсун деп ойлошкон чыгаар, иши кылса шайтан суудан култ этип алгандай болуп, кээде оргуштап, кээде кыйналып тургандай көрүнүштү деп айтышат, ошол жыйындын катышуучулары. Бирок, бул маселеге да кийинки жарык көрө турган видео-материалдарыбызда кенен токтолуп кетебиз...
Анда, үчүнчү баатыр депутат-торпедо Алмазбек Акматов болмокчу. Бирок, Акматов боюнча маалыматтарды 2-бөлүккө калтырдык. Гезиттин кийинки санынан окуй аласыздар.
Кийинки санда бул баатыр-депутаттар туурасында окуйсуздар:
