Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн маалымат жыйында билдирди.
Муну менен Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккандардын жалпы саны 2372 адамга жетти. Акыркы сутка ичинде 22 адам сакайып, ооруканадан чыгарылган.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек шаарында 48 адам;
- Чүй облусунда 11 адам;
- Ош облусунда 5 адам;
- Ысык-Көл облусунда 2 адам;
- Ош шаарында 18 адам;
- Жалал-Абад облусунда 3 адам.