Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабынан маалымдаты.

Ыкчам штабынын маалыматына караганда Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын  жалпы саны 2285 адамга жетти. Акыркы сутка ичинде 69 адам сакайып, ооруканадан чыгарылган. Муну менен айыккандардын саны  1791 бейтапты түздү.

Жаңы катталган учурлар:

- Бишкек шаарында 50 адам;

- Чүй облусунда 13 адам;

- Талас облусунда 5 адам;

- Ысык-Көл облусунда 2 адам;

- Нарын облусунда 3 адам;

- Жалал-Абад облусунда 5 адам.