Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн маалымат жыйында билдирди.
Ушуну менен Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 2207 адамга жетти. Акыркы сутка ичинде 54 адам сакайып, ооруканадан чыгарылган.
Жалпысынан айтканда коронавирустан айыккандардын саны 1722 адамды түздү.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек шаарында 18 адам;
- Чүй облусунда 6 адам;
- Ош шаарында 6 адам;
- Ош облусунда 2 адам;
- Баткен облусунда 1 адам;
- Ысык-Көл облусунда 2 адам;
- Нарын облусунда 3 адам;
- Жалал-Абад облусунда 3 адам.