- Турсунбай мырза, депутаттардын мөөнөтү аяктаарга жакын калганда неге “Кыргызстан” партиясында күндө бирөө мандатын тапшырганды адат кылып алышты?
- 2020-жылы шайлоого аттанып жатканда көп партиялар талапкерлерден чоң акча алып тизмесинен орун беришкен. Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын мөөнөтү аяктап калганда депутат боло электер партиянын лидерлерине “акчамды кайтар!”- деген талаптарын коюп жатышкан окшойт. Ошондуктан партиянын лидери күндө бир депутаттын мандатын тапшыртып жатса керек. Эсиңердеби, Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында “Аалам” партиясынын лидери Арсланбек Малиев “Ата-Мекендин” лидерине: “сен мени депутат кыла албадын, 50 миң долларымды бергин!”- деп утур-утур пресс-конференция берип жатчу.
Мөөнөтү бүтүп баратканда депутат болууга ашыктырган дагы бир жагдай бар. Депутат боло элек ишкерлерге өзгөчө сот жана текшерүүчү, тергөө органдардын астында кооптуу абал түзүлүп калат. Андай абалдан чукул убакытта куткарууга депутаттык мандат керек болот. Балким, ошондой абалдан улам парламенттин мөөнөтү бүтөйүн деп калганына карабай, депутат болууга ашыгып жатышкандыр.
- Айбек Эрнис уулунун педофилди актаганы коомчулуктун сынына кабылды. Кыргызстанда педофилдерди жазалай турган мыйзамдар жетишсизби?
- 2012 жылы педофилдерге каршы 4 мыйзам жазгам. Биринчиси, аларды өмүр бою эркиндиктен ажыратуу (өлүм жаза Кыргызстанда жоктугунан) жана бөлөк сексуалдык кылмыштар үчүн эркиндиктен ажыратуу мөөнөтү көбөйтүлгөн. Экинчиси, аларга мунапыс берилбейт жана шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу колдонбойт. Үчүнчүсү, педофил беренелери менен соттолуп чыккандарга жаш балдар бар уюмдарга, мекемелерге иштөөгө тыюу салынат. Төртүнчүсү, педофилдер химиялык жол менен бычылат (кастрация). Акыркы мыйзамдан башкасынын баарына президент А.Атамбаев кол коюп, ал мыйзамдар бүгүн иштеп жатат. Химиялык кастрацияга президент каршы чыкты. Кыскасы, педофилдерди жазалай турган мыйзамдар жетиштүү. Эмне үчүн соттор ошол мыйзамдар менен педофилдерди соттобой тескерисинче актап, эркиндикке чыгарып жатканынын бир эле себеби бар. Ал - коррупция.
- Өмүрбек Текебаев неге Жанар Акаевге басым койду? Жанар Акаев шайлоо өнөктүгүндө лидер болоорун жана партия жеңишке жетип, коалицияга кирсе спикерлик же премьер-министрлик кызматка талапкер болоорун айтты. Демек, саясатта Жанар Акаев Текебаевдин жолун жолдойбу?
- “Ата-Мекен” партиясынын эң алсыз жери - өлкөнүн түштүгүндө электораты аз. Ошондуктан Жанар Акаевди кошсок - түштүктө шайлоочуларыбыз көбөйөт деген үмүт менен партиянын тизмесинде алдыңкы орунду берип жатса керек. Менимче булардын баарын америкачыл көз карашы бириктирип жаткандай сезилет.
- Камчыбек Ташиевдин чек ара боюнча тараткан билдирүүлөрүн айрым серепчилер шайлоого карата упай топтоо катары баалап жатышат го?
- Камчыбек Ташиевдин аракеттери шайлоого багытталып жатса да эмне болуптур? Чек арадагы чыр-чатактар менен парламенттик шайлоого даярдык бир мезгилде болуп жатса ага Ташиев күнөөлүү эмес да. Ташиевдин аракетине нааразы болгондор колунан келсе шайлоо мөөнөтүн кийинки жылга которушсун же чек ара маселесин өздөрү чечишсин!
- Атамбаевдин баласы Сейтек “бизге караганда атамдын жанында шопур көбүрөөк болду. Ал турсун маселенин көбүн ошол чечти”- деген оюн айтты. Ынансак болобу?
- Мен Атамбаевдин жакындарына кирчү эмесмин. Ошондуктан ал жөнүндө Азимбек Бекназаров сыяктуу достору же балдары айтканына ишенемин. Сейтектин сөзүнө далил катары бир окуяны гана айтып берейин. 2013-2015-жылдары Алмазбек Атамбаевге “кабыл ал”- деп депутаттык кат жаздым. Бирок кабыл да алган жок, катка жооп да берген жок. Кекчилдиги ушундай күчтүү экенине таңгалдым. 2015-жылы июль айында 7-кабаттан сүйүнүп түшүп келаткан Каныбек Иманалиевге жолугуп калдым. “Үч күн мурда шоопурга айтып, мына кирип чыктым. Сиз да шопурдан суранбайсызбы?” -деп кеңеш берди. «”Президентке мыйзам негизинде кире албай, шопуру аркылуу киргенге караганда анда кирбей эле койгонум дурус!” - деп жооп берип, президентке кирбей коюуну туура көрдүм.
- Абалдын оордугу эске алынып, шайлоо артка жылышы мүмкүнбү?
- Аны Алла-Таала менен президент Сооронбай Жээнбеков гана билишет! Мен алдын ала бир нерсе деп айта албайм...
- Премьер-министр эмгек өргүүсү бүтсө ишке чыгабы же биротоло кызматтан кетеби?
- Кыргызстанда кадр маселеси боюнча прогноз айтуу болбогон иш! 1991- жылдан бери президенттердин кадр саясатын түшүнсөм өлүп кетейин! Көп учурда күтүлбөгөн жагдайлар орун алат...
- Бу сапар шайлоого катышасызбы?
- Саясатчы жана саясий партиянын лидери болгондуктан шайлоого сөзсүз катышам деген ниетим бар. Президенттик шайлоолорго катышуу боюнча эчак эле Гиннестин рекорддор китебине киришим керек болчу. А парламенттик шайлоолорго да эгемен Кыргызстандын тунгуч саясий партиясы катары “ЭрК” партиясы такай катышат. Биздин партиянын өкүлдөрү легендарлуу парламентте да, Жогорку Кеңештин I, II жана V чакырыштарында да депутат болгон.
- Шайлоого партияңыз менен барасызбы же кайсыл бир топко кошулууга аргасыз болосузбу?
- Ойлонуп жатабыз. Бирок америкачыл жана орусчул күчтөргө кошулбайбыз деп азыр эле айталам! Азырынча Садыр Жапаровдун “Мекенчил” партиясы жана Эркин Булекбаевдин “Жашылдар” партиялары менен сүйлөшүү жүрүп жатат. Дагы бир-эки партиялар менен сүйлөшүүлөр күтүлүүдө. Бирок, алар - байлардын партиясы. Бизден жатыркайт го деп турам. Шайлоонун тагдырын акча эмес, мекенчилдик, ыймандуулук чечип да коюшу мүмкүн. Эч бир партияга кошулбай жалгыз шайлоого чыгып калышыбыз да ыктымал!
Булак: "Майдан.kg" газетасы