Тийиштүү буйрукка борбор калаанын вице-мэри Азиз Алымкулов кол койгон.
Документке ылайык, санитардык посттор төмөнкү көчөлөрдүн кесилишкен жерине жайгаштырылды:
-Васильевский тракты — «Ак-Жол» айланма жолу;
-Пригородное айылы;
-Маевка айылы (кольцевая);
-«Тендик» жаңы конушу;
-Киргизская көчөсү. (Төмөнкү Ала-Арча);
-«Азамат» унаа базары;
-«Келечек» жаңы конушу;
-«Дордой» жаңы конушу;
-Ибраимов көчөсү;
-Курманжан-Датка көчөсү;
-ГЭС-5;
-Ленин көчөсү.
Санитардык көзөмөл постторунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын 24 кызматкери, ИИМдин 40 кызматкери, ИИМдин Атайын багыттагы полкунун 40 кызматкери, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 24 адам, ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлигинин адистери бар.
Алар Бишкек шаарына кирип жаткан жарандардын дене табын текшерүүгө, эгер коронавирустун белгилери байкалса, обсервацияга алууга укуктуу.
Булак: Элгезит