“COVID-19 аныкталган 162 адам Бишкек шаарындагы 25 конуштун жашоочулары болуп саналат. Шаардын борбордук бөлүгүндө илдет жуккан жарандардын көпчүлүк бөлүгү кичи райондордо жашайт: 12 кичи районунда - 15 адам, Жал кичи районунда – 15 адам, Аламедин-1 кичи районунда – 5 адам, Фучик көчөсүндө – 6 адам жашайт”, - деп билдирди Бишкектин вице-мэри Татьяна Кузнецова. 

Вице-мэр белгилегендей, Бишкек шаарында коронавирус менен жалпы тастыкталган учурлардын ичинен 63 жаран өздөрү кайрылгандар. Ал эми 34 учурдун булагы такталбагандыктан, Шаардык санэпидкөзөмөл борбору изилдөөнү улантып жатат. Айрым жарандар, вирусту коомдук жайлардан - базардан, соода борборлорунан, коомдук транспорт жана автобустардан жүктуруп алганын айтышкан.

Бишкек шаардык санэпид көзөмөл борборунун башкы дарыгери Кубан Кундашевдин айтымында, бүгүнкү күнү мобилдик топтор райондук администрациялардын адистеринин, Бишкек шаардык санэпид көзөмөл борборунун, муниципалдык территориалдык райондук администрация башкармалыгынын кызматкерлеринин катышуусунда 1 млн 49 миң 500 сом өлчөмүндө 642 протокол түзүлдү.

Экономикалык кылмышка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына – 5 дүкөн, 3 – кафе, 12 – чач тарач, 1 - АЗС, 1 – АОЖ жана 1 – желимдөө обьекттеринин жетекчилерине чара көрүү үчүн 23 материал жөнөтүлдү.

 

Бишкек шаарында 1 млн сомдон ашык айып салынып текшерилген обьекттердин саны:

Сулуулук салондору, чач-тарачтар – 194 000 сом өлчөмүнө 184 протокол;

Дүкөндөр  – 124 000 сом өлчөмүнө 65 протокол;

Кафе – 281 000 сом өлчөмүнө 164 протокол;

Автоунаа жуучу жайлар – 14 000 сом өлчөмүнө 8 протокол;

АОЖ, желимдөө – 41 000 сом өлчөмүнө 29 протокол;

СБ жана кийим дүкөндөр – 61 000 сом өлчөмүнө 25 протокол;

АЗС – 26 000 сом өлчөмүнө 10 протокол;

Жеке такси кызматтар – 6000 сом өлчөмүнө 6 протокол;

Балдардын кийимдери жана оюнчуктар дүкөндөрү - 4000 сом өлчөмүнө 4 протокол;

Тамак-аш өнөр жайын өндүрүү - 52 500 сом өлчөмүнө 18 протокол;

Косметика дүкөндөрү - 3000 сом өлчөмүнө 3 протокол;

Базарлар жана курулуш материалдар дүкөндөрү – 67 000 сом өлчөмүнө 26 протокол;

Азык-түлүк базарлары – 55 000 сом өлчөмүнө 17 протокол

Транспорт каражаттары  – 64 000 сом өлчөмүнө 50 протокол

Финансылык кызматтар – 14 000 сом өлчөмүнө 2 протокол

Автоунаа шаймандары, тиричилик буюмдары жана эмеректер – 14 000 сом өлчөмүнө 20 прокол

Мончолор – 2000 сом өлчөмүнө 2 протокол

Окуу курстары – 1000 сом өлчөмүнө 1 протокол

Коомдук дааратканалар – 6000 сом өлчөмүнө 6 протокол

Мектептер – 1000 сом өлчөмүнө 1 протокол

Компьютердик клубдар – 1000 сом өлчөмүнө 1 протокол

Белгилеп кетсек, бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирустун 37 жаңы учуру катталды:

▪️ Бишкек — 19;

▪️ Чүй облусу — 13;

▪️ Ош облусу — 2;

▪️ Баткен облусу — 2;

▪️ Ош — 1.

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын жалпы саны 2 166га жетти.