Армениянын премьер-министри Никол Пашинян коронавирустун айынан өлкө оор абалга кептелип, кыйынчылыкка дуушар болгонун билдирди. Калкы 3 миллионго араң жеткен Арменияда учурда 13 000 адам илдетти жуктуруп, көз жумгандардын саны 200гө чамалап калды. 

Өлкөнүн ооруканаларында орун жетпей, ооруп жаткандар кезек күтүүгө аргасыз болуп, Армения өкмөтүнүн айласы кетип турган кез. 
Ал эми Кыргызстанда ооруну жуктургандардын саны 2 миңден ашты. Кыргыз өкмөтү оорунун жайылуусун алдын алып, ооругандардын сакайып чыгып кетүүсү үчүн болгон чараларды көрүүдө. Ошол эле мезгилде жарандар арасында ооруга анчейин маани бербей, беткаптарды тагынбай, сактануу чараларын көрбөй жүргөндөр жетишерлик болууда. Биз али илдеттен толук арыла  элекпиз. Илдетке байланышкан абал эртең кандай болуп кетери дагы деле белгисиз.  Анын үстүнө илдеттин күзгү мезгилде кайрадан жанданышы мүмкүндүгү айтылууда.  
Коронавируска каршы туруп, анын жайылуусун токтотуу кыргыз өкмөтүнүн эле иши эмес. Бишкек шаарында илдетти жуктургандардын саны көбөйүп баратканын мэрия билдирди. Бул бизге кагылган  коңгуроо болушу керек!  Ар бирибиз өзүбүздүн, жакындарыбыздын амандыгын ойлойлу! Армениядагыдай абалга кептелбейли десек  сактаналы, туугандар! 

Булак: "Майдан.kg" газетасы