- Ташболот агай, шайлоону утурлай Темир Сариев, Өмүрбек Текебаев, Рыскелди Момбеков, Жанар Акаев биригип,   “Ата Мекен" партиясынын желегинин алдында шайлоого аттанаарын жар салышып, кезектеги меморандумга кол коюшту. Бул биригүүнүн максаты эмне? Бул биригүү элге пайда алып келеби же бириккендергеби?

- Мен ойлойм бул биригүү элге пайда алып келбейт. Себеби социалистик (Ата Мекен) баалуулук менен либералдык (КЛДП) баалуулук түп тамырынан карама-каршы келген багыттар. Демократия булар шайлоодогу добуштарын кошуп парламенттик 7% босогону өтүп депутаттык мандат алып алышса эле кайра ажырашат. Кырдаалга жараша никелешип, бирок жашоодо бири бирине тескери баалулуктарды тутунган жубайлар узак жашай албайт. Булардын деле көп өтпөй никеси бузуларына шек жок. Ушундай утурумдук биригүүлөр бекем, туруктуу позициясы бар күчтүү партиялардын калыптанышына кедергисин тийгизет.

- Өмүрбек Текебаев Жанар Акаев шайлоо өнөктүгүндө лидер болоорун, ал турсун коалицияга кирип калса спикерликке көрсөтүлөөрүнө чейин  айтты. Бирок, мезгили келгенде Жанар Акаев  Атамбаевге каяша кайрыгандай Текебаевди да ордуна коюп койбойбу?

- “Мечтать не вредно”- дейт го орустар.  Жан досун сатып кетип жаткан заманда каяша кайрыган да кеп бекен. Булар  куйругу балыктыкы, башы аттыкы болуп, “кентаврга” айланбай тутунган идеология боюнча бириксе жакшы болмок.

- Сариевдин премьер-министрлик кызматтан  жаман атты болуп кеткени шайлоодо мааниге ээ болобу? 

- Менимче, жаман атты болуп кызматтан кеткендерге эл өз баасын берет. Бирок, алардын да өзүнө жараша колдоочулары болот. Башка маселе менен алардын иштери канча?

- “Саясий репрессияга каршылык комитети”: ОБОН чагымчылар тобу жоопко тартылышы керек деген пикирлерин айтышууда. Алардын бул аракети колдоого алсак болобу?

- Чагымчылар мыйзамга ылайык өз жазасын алышы керек. Анткени, көп учурда тынч митингдерге келип, чагымчылдык кылып, митингдин багытын башка нукка буруп салышат. Негизи - ОБОН авторитардык бийликтин куралы. Ал эскирген ыкма. Мындан ары ким болбосун андай ыкманы колдонуудан сак болушу керек.

- Неге Атамбаев камакта жатса деле аны камалсын деп анти митингге чыгышты. Анти митингдин доору бүтө элекпи?

- Кээде өлгөн арстандын терисинен деле чочугандар да боло берет. Балким, ошентип кооптонуп жатышкандыр. Дагы бирдеме кылып жибербесин деп анти митингге чыгып жатышса керек да. 

-Неге Кыргызстан партиясынан  улам бир депутаты мандатын тапшырып жатат?

- Жогорку Кеңештин  6-чы чакырылышы элдин көзүнө бокочого айланып, жек көрүндү  болуп калды . Чөгүп бараткан кораблден биринчи келемиштер кача баштагандай болуп жатат. Анын үстүнө ыйгарым укугу, иштөө мөөнөтү да түгөнүп баратат.

- Канаттагы авиабаза боюнча мыйзам долбоору жактырылыптыр. Бирок, ошол эле учурда орустар авиа база жайгашкан жерди бекер колдонушат деген да маалыматтар бар. Алар берген курал-жарагын аренда акысына баалап жатышабы?

- Орустар Канттагы авиабазаны башынан эле  бекер колдонуп келе жатышат. Эчак эле аренда алыш керек болчу. Же бизге акчанын кереги жокпу? Алардын списать этилген эски техникасын алганга сүйүнөбүз. Азыр рынок заманында бардык нерсенин баасы бар экенин ким билбейт?

- Канттагы авиабазаны Баткенге көчүрүп, алардан түшкөн каражат менен ошол облусту өнүктүрүп, орустардын жардамы менен чек ара маселесин чечип алышыбыз керек деген пикирлер да бар. Бул боюнча не дейсиз?

- “Кумтөрдү” Канадага бергенде көлдүктөрдү силер алтындын эсебинен жыргайсыңар деп алдаган. Жыйынтыгы эмне болду? Ошондуктан Баткенге авиабаза көчүрүп, анын эсебинен өнүктүрөбүз деген куру кыял. 
АКШ манастагы 5 гектарды ээлеген базасына жылына 120 млн. доллар төлөп турган. Канча жумушчу орундарды биздин жарандарга түзгөн. Мейли орустарды жакын досубуз десе 60 млн. доллар  алып туралы жылына көрүнгөнгө жагынып, карыз сурабай. Орустар пайдаланып жаткан авиабаза чоң геостратегиялык обьект катары аларга кызмат кылып жатат, а Кыргызстанга эмне пайда келтирип жатат?

- Неге орустардын чек ара маселесин чечүүгө кол-кабыш кылабыз деген сунушу колдоо тапкан жок?

 -Бул сунуш куру сөз. Кол-кабыш кылса ОДКБ же ШОСтун күн тартибине койбойт беле. Коопсуздук союз эмнеге унчукпайт союздаштар атышып, үйлөрүн өрттөп, жолдорун бууп салып жатса. Ошондуктан кошунаң менен мамилени байкеңди аралаштырбай эле чечкенди билиш керек.

- Камчыбек Ташиев Бороновдун кечирим сураганын сындап, “мен болгондо чатакты өздөрү баштаганын, 20 миң калк жашай турган жерге 80 миң калк жашап жатканын айтып, мындан ары ашыкча жер да, суу да бере албайм демекмин”- деди. Боронов неге ушундай аргументтерди айтып, өзбекстандын премьер-министри менен тең ата сүйлөшө алган жок?

- Боронов премьер эмес. Ташиев маселени чечкендин жолун билсе аны токтоосуз Бороновдун ордуна отургузуу керек. Мындай тармакты негизи чечүүнүн жолун билген адамдарды дайындаш керек. Эт менен челдин ортосундагыларды коюп алып, убакытты созуп  элди кыйнабаш керек.

Булак: "Майдан.kg" газетасы