2019-жылдын 7-августундагы Кой-Таштагы окуялардан кийин АША “Альфачыларды” Драгунов винтовкасы менен өзү беш-алты жолу аткандыгын, үйүнө күч менен киргендерди ошентип тосуп аларын, дагы киришсе дагы атарын айткан. Тергеп-тескөөнүн, баллистикалык жана башка экспертизалардын жыйынтыктары менен полковник Үсөнбек Ниязбеков автоматтын эмес, жогоруда аталган винтовканын огунан каза болгондугу аныкталган. Эми бир жылдан кийин АШАнын жоболоңдуу адвокаты Замир Жоошев “Альфанын” командиринин орун басары Ү. Ниязбеков винтовканын эмес, автоматтын огунан курман болгон деген билдирүү таркатты. 

Анын максаты түшүнүктүү. АША онго жакын оор беренелер менен айыпталса, алардын ичинен да эң оору – атайылап адам өлтүрүү болуп саналат. Андай күнөө менен соттолгон адамдын кайра саясатка кайрылып келүүсү мүмкүн эмес. Ичти, жеди деген беренелер боюнча кыскартуулар, жеңилдиктер болушу ыктымал. Бизде пара алып кармалгандардын айрымдары тез эле кайра чыгып кетип жатышат. Бирок, колу адам канына түздөн түз булганган инсан экинчи саясатчы түгүл, нормалдуу  адам болуп да эсептелбейт. Ал да убагы келгенде акталышы же бошоп чыгышы мүмкүн, бирок цивилдүү дүйнө аны экинчи өз  катарына кабылдабайт.

АШАнын саясатка кайрылып келмек түгүл, жеңилдик алышы деле кыйын. Ага тагылган күнөөлөр абдан көп. Бирок, ал адвокаттары менен сүйлөшүп, өзүнө тагылган “атайылап адам өлтүрүү” деген беренени өз ара сүйлөшүү аркылуу  ансыз деле адам өлтүрүүгө аракет кылган деген берене менен айыпталып жаткан Рысбек  Карыпбек уулу дегенге оодара салганы жатыптыр. Ал максатта бир эмес, эки адам көрсөтмө да бериптир. Рысбек Карыпбек уулуна тийиштүү акысын берип, андан аркы тагыдырына кайдыгер карашпай тургандыгын убада кылышса, ал Ү. Ниязбековду мен аткам деп деле чыгышы мүмкүн, бирок  экспертизалардын жыйынтыктарын кантип өзгөртүшөр болду экен? Же “куну” төлөнсө  экспертизалардын жыйынтыктары деле өзгөрүп кетеби?

Булак: "Майдан.kg" газетасы