Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн маалымат жыйында билдирди.
Муну менен Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккандардын жалпы саны 2129 адамга жетти. Акыркы сутка ичинде 58 адам сакайып, ооруканадан чыгарылды. Жалпысынан айтканда коронавирустан айыккандардын саны 1630 адамды түздү.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек шаарында 17 адам;
- Чүй облусунда 3 адам;
- Ош шаарында 2 адам;
- Ош облусунда 4 адам;
- Жалал-Абад облусунда 1 адам;
- Талас облусунда 2 адам;
- Нарын облусунда 1 адам;
- Баткен облусунда 1 адам;
- Ысык-Көл облусунда 3 адам.