Облустук ички иштер бөлүмүнүн маалыматы боюнча окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.
Телеканалдын жетекчиси Жаннат Токтосунова кеңсе атайын өрттөлгөнүн, бардык техникалар күйүп кеткенин билдирди.
«Атайын жасалган иш деп ойлоп турамын, себеби терезени сындырып, өрт чыгаруучу каражатты ыргытышыптыр. Ууру болсо уурдап кетмек, тоноо болсо башкача болмок. Өрттөгүсү келсе жөн эле өрттөп кетмек. Бул жерде жардырууга аракет кылышкан, - деди Токтосунова. - Мен муну журналисттерди коркутуу аракети катары баалап жатам. Буга чейин деле каналды жабуу аракети болгон, бирок биз сактап калганбыз. Эгерде кеңсе жарылып кеткенде "коопсуздук чараларын көргөн эмессиңер" деген шылтоо менен ишти жаап салмак».
Токтосунованын билдиришинче, телеканалдын эфирди камсыз кылган техникасы толугу менен өрттөнүп кетти. Телеканал болжол менен жалпы суммасы 10-15 миң долларлык чыгымга учурады.
Медиа эксперт Азамат Тынаев Таластагы окуяны укук коргоо органдары тыкыр иликтеши керек деген пикирин билдирди:
«Бул - кокустук эмес, атайын чабуул, чагым. Бул - коркутуу. Кыргызстан - сөз эркиндигинин өлкөсү. Бирок көп жылдардан бери мамлекеттин көз карандысыз редакцияларга жасаган кысымына күбө болуп келатабыз. 2010-жылы марттын аягында "Стан.kg" каналына ачыктан-ачык рейд жасалган. Апрель революциясынан кийин "24.kg" сайтына да ушундай эле кысым болгон. Бизде курч материалдарды жасаган, сынды таамай айткан көз карандысыз маалымат каражаттары көп. Ушундай окуяга эркин медиа каражаттарынын ар бири туш болуп калышы мүмкүн. Андыктан бул окуяны укук коргоо органдары тыкыр иликтеши керек».
Булак: "Майдан.kg" газетасы