Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда кечээ, 9-июнда кечинде чоңдугу өрүктөй болгон мөндүр жааган. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ саат 18. 20 чамасында кыска убакытта жамгыр жааган жана артынан мөндүр төккөн. Чоң мөндүрлөр айыл чарба иштерин бүлгүнгө учураткан. Бир мөндүрдүн жоондугу 15 миллиметрге жеткен. Учурда жарандык комиссия табият келтирген чыгымды эсептешүүдө.