Бишкек шаарындагы бала бакчалардын 6 кызматкеринен коронавирус илдети бардыгы кечээ, 9-июнда ПЧР анализин текшерүү учурунда аныкталган. Учурда  илдет жуктурган  кызматкерлердин баары ооруканага жаткырылып, алардын жакындары үй карантинге алынды.

Бишкектин вице-мэри Татьяна Кузнецованын айтымында,  вирус табылган кызматкерлердин арасынан үчөө №111, №35, №37 муниципалдык бала бакчалардын тарбиячылары. Дагы  үчөө «Ак Шоола», «Ак Жол» жана «Асылай» менчик бала бакчаларда иштегендер.
 
Белгилей кетсек, мектепке чейинки билим берүү мекемелерин ишке киргизүү алдында бардык бала бакчалардын кызматкерлери ПЧР-тесттен өтүп жатышат. Жалпысынан муниципалдык бала бакчалардан 1 миң 668 адам, менчик бала бакчалардан 2 миң 266 адам, мекемелик бала бакчалардан 251 адам текшерүүдөн өтөт.